Menu

Айбек Жунушалиев: “Баткен облусунун статусу жөнүндө мыйзам Баткен облусунун өнүгүүсүн аныктайт”

Бөлүшүү:

Баткен облусунун статусу жөнүндө мыйзам Баткен облусунун өнүгүүсүн аныктайт. Баткен облусун өнүктүрүүгө жана калыбына келтирүүгө багытталган иш-чаралар – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Бул туурасында Баткен облусунун статусу жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди.

Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы атайы өкүлү катышты.

Айбек Жунушалиев белгилегендей, «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзам долбоорун кароонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тараптан аны толуктап иштеп чыгуу зарылдыгы тууралуу конструктивдүү сунуштар айтылды.

«Мыйзам долбоору киргизилген сунуш-пикирлерди эске алуу менен толукталып иштелип чыгат. Баткен облусун өнүктүрүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын иштеп чыгуу пландаштырылууда. Депутаттардан жана тийиштүү мамлекеттик орган жетекчилеринен турган ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлөт», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин мыйзам долбоорунун айрым ченемдерин толуктоо жана тактоо жөнүндө сунуштары айтылды, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине, иштелип жаткан Кыргыз Республикасынын Инвестициялык кодексине, Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камтыган мыйзам долбоорлорунун пакетин иштеп чыгуу жана парламентке киргизүү тууралуу айтылды.

Белгилесек, мыйзам долбоорун иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча башталган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык стабилдүүлүктү жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча биринчи кезектеги чаралар планы – 100 күн» Программасына киргизилген.
Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинен 3-майына чейин коомдук талкуунун тийиштүү процедуралары өткөрүлгөн жана аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: