“Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов премьер-министр Сооронбай Жээнбековго мектептерди туура эмес курган куруучуларды сотко берүү керектигин айтты.
Эл өкүлү мамлекеттик каражатка болгон көнүлкош мамиле курулуп жаткан мектептердин сапатын жакшыртпай турганын билдирди: “Өнүгүүдөгү башкы тоскоолдук бул көнүлкоштук. Пайдасыз келишимдерди түзүшүүдө, ошондуктан сапатсыз курушууда. 5 эмес 500 миллиард салсаң дагы натыйжа болбойт”.
Ошондой эле ал Ысык Көл облусундагы Жылдыз айылында 2016-жылы ишке берилген мектептин абалы мышык
ыйлагыдай экенине токтолду: “Мындай мектептер Таласта, түштүктө, Бишкекте дагы бар. Курулушчуларды сотко бергиле! Утасынарбы, уттурасынарбы маанилүү эмес. Башкысы сотко бергиле”.
Ошондой эле фракция лидери жолдордун жана мектептердин курулуш сапатын текшертүү үчүн чет өлкөлүк аудиторлорду жалдоо сунушун берди.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ