Орусиянын президенти Владимир Путин ырчы Дима Биланды маданиятка кошкон салымы үчүн “Эмгек сиңирген артисти” наамын ыйгаруу тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу Starhit сайты жазып чыкты.
Маалымат боюнча президенттин буйругу расмий сайтка жарыяланып, анда “маданияттын, искусствонун өнүгүшүнө кошкон салымы жана бир нече жылдан бери сахнадан түшпөй келе жаткандыгы үчүн ырчы Дима Биланга “Орусия Федерациясынын Эмгек сиңирген артисти” наамы тапшырылат”, – деп жазылган.
Эскерте кетсек, Дима Билан 36 жашта. Ал 2006-жылы “Евровидение” ыр сынагына катышкан, ал эми 2008-жылы ушул эле сынакка катышып биринчи орунду ээлеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ