Menu

КСДП парламенттик шайлоого катышабы?

Бөлүшүү:

Он жылга чукул бийликти бир тизгин менен башкарып келген азыркы КСДП партиясынын келечектеги парламенттик шайлоого катышаар-катышпасы көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып турат. Лидери камакта, партия чилдей тарады. Ала кушту атынан атап айтканда, азыркы бийлик башындагылар бир партиянын кудугунан суу ичип жүрүшүп, акыры кожоюндун өзүн зынданга салышты.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевден кутуулунун жолу ал бийлигин өткөрүп бергенден кийин эле башталган.. Анын бир мисалы катары КСДПны эки жаатка бөлүп, тийди-качты мүчө болуп жүргөн Сагынбеқ Абдрахмановду алып келип, Атамбаевдин реакциясын текшере баштаган. Андай саясий оюндардын далайын башынан өткөргөн Атамбаев моюп калгандын ордуна партиясын күчтөп, Сагынбек Абдрахмановду бийликке кошоктоп туруп коомчулукка жек көрүндү кыла алды. Так ушул жерден бийлик стратегиялык жеңилүүгө учурап, маселе партияда эмес, Атамбаевдин өзүндө экенин аңдады. Натыйжада, аны камап тынды.

Деги эле КСДП коомчулуктун көңүл борборунда болуп, Акаевдин, Бакиевдин бийлигин түмөн түйшүккө салып келген кадыры калың партия эле. 2010-жылдан кийин бул партия толук мамлекеттик башкарууну колго алды. Эки парламенттик, эки президенттик шайлоодо жеңишке жетишти. Тилекке каршы, ушул партиядан өнүп-өсүп чыккандардын колу менен талкаланды. Коомчулук жакшы билгендей, ага-ини Жээнбековдор дал ушул партиянын арты менен эки жолу спикер, губернатор, министр, премьер, ал тургай президент болду. Партиянын ички мүмкүнчүлүктөрүн, ресурстарын абдан жакшы билишет эле. Дал ошол билген үчүн партияны алгач экиге бөлүп, акыры анын аягы Атамбаевдин камалуусу менен аяктады.

Дал ушул шартта партияны кыйроодон сактап, тилектештик кылып партия лидеринин саясий көз карашын колдогондун ордуна, эң кур дегенде азыркы бийлик менен болгон ортодогу келишпестикти түздөп, көпүрө болууга КСДПнын чапанын жамынып, капчыгын, кадырын калыңдаткандардын бирөөсү да баш көтөргөнгө жарашкан жок. Бул жагдай, учурунда ташы өргө кулап турган партияга жеке кызыкчылык үчүн жан багуу максатын көздөп киришкен төбөлдөрдүн жүзүн ачты. Болбосо кечээ эле көчө таптап жүргөндөрдү катарына чакырып, депутаттык мандат берген Атамбаевдин бүгүн жаман болуп чыга келиши өтө эле таң калычтуу. Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова гана азыркы КСДПнын арбайын согуп, партия иштерине ичтен күйүп жүрөт. Ал эми мурда Атамбаев бийликте кезинде “КСДПмын” деп төш каккандар бүгүн жокко эсе.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн дээрлик бардык регионунда Атамбаевди азыркы бийликтин курмандыгы катары көргөн коомдук пикир күч. Ошондой эле коомчулук бийлик иштей албай экономиканы өлтүргөнүн, коррупция менен тандамал күрөш жүргүзүп, эч кандай батыл кадамдарга барбай жаткандарын кескин сындап келишет. Мындай шартта коомдуй пикир ылаажыны башка партиялардан эмес, дал ушул КСДП партиясынан издеп, Атамбаев катышпаса да анын баласын медер тутуп, парламенттик шайлоодо добуштарын берип коюшу мүмкүн. Бирок бийлик бул жагдайды дагы эске алып, Сагынбек Абдрахманов менен талаштырып койду. БШК шайлоодо кайсы КСДПнын каттайбыз деген маселе менен жарышка катыштырбай коюшу мүмкүн…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: