Ашхабад – Дашөгүз унаа жолунун жээгинде кароосуз жүргөн төөлөр жол кырсыктарына себепкер болушууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды.
«Бир нече күн мурда Ашхабаддан Акдепе районуна бараткан такси төөлөрдү сүзүп, жыйынтыгында беш киши мерт болду», — деп билдирди басылманын аймактагы кабарчысы. Анын айтымында, төөлөр темир жолдордо дагы көптөгөн тоскоолдуктарды жаратат.
«Ашхабад – Дашөгүз унаа жолунун жээгинде кароосуз жүргөн төөлөр дээрлик ай сайын жол кырсыктарынын себепкери болушат. Айрым учурларда алар темир жолдордо дагы тоскоолдуктарды жаратышат. Жакында эле жолго жатып алган төөлөрдүн айынан поезд рельстен чыгып кеткен. Бактыга жараша, анда адам өлүмү болгон эмес», – деди кабарчы.
Басылманын билдиришинче, буга байланыштуу темир жолчулар жаныбарлардан коргоо үчүн жол жээктерине зымдарды дагы тарта башташкан.
Болжол менен ал төөлөр жеке менчикте. Бирок бийлик тарабынан алардын ээлерине карата кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы боюнча эч кандай маалыматтар жок.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ