Жакынкы күндөрү Москвадагы “Диссернет” уюму бир канча кыргыздын тың чыкмалаларынын илимий иштери плагиат түрүндө, көчүрүлүп алынганын, плагиат болгонун айтып чыгышты. Азырынча ошол жасалма илим докторлордун эң белгилүүсү Бишкек шаарынын вице-мэри Эркин Исаков болуп чыкты. Көрсө анын диссертациясы толугу менен Дагестандын эски президенти жазган иштен көчүрүлүп алыныптыр. Кечирим суроонун ордуна, фейсбукту активдүү пайдаланган Эркин Исаков “Дагестан менден көчүрүп алган” десе болобу? Бети жокторго айла жок экен да, эй. Юракадемиянын окутуучулары мурунку депутат Турдукан Жумабекова жана профессордук наамды алган Нонна Розахуновалар дагы плагиатчы болуп чыгышты. Алар эми жумуштан алынбаса, кантип жаштарабызды, өзгөчө келечектеги судья жана прокурорлорубузду акыйкаттыкка үйрөтө алышат? Урматтуу министр Кудайбергенова, тез арада булардын жалган даражалары жокко чыгартылып, иштеринен айдалышын талап кылабыз.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ