Menu

Бактыгүл Жумабаева, Апрель Баатыры: “Кыргызстанды карызга атамбаевчилер батырса, эмнеге карапайым эл төлөш керек?”

Бөлүшүү:

“Биз жаман деген Бакиев учурунда кыскарып жаткан карызды Атамбаев бийликке келип, 6 жылда эки эсе, $2 миллиарддан $4 миллиардга көбөйтүп жиберди. Атамбаев эң көп карызды Кытайдан алды, 1,5 миллиардга жакын дешет экономисттер. Кытай карызын төлөй албаган мамлекеттерден жерин алат экен”, – деп билдирди бүгүн, 14-июлда Нарындан Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева.

“Ал карыздарга Атамбаевчилер 6 жылда Бишкек ТЭЦин модернизация кылышты, Датка-Кемин электрлиниясын тартышты, Түндүк-түштүк автожолун салып жатышат жана башкалар. Эми карагыла, Бишкек ТЭЦине 386 миллион доллар алып, анын 24 от казанынын 3 гана от казанын алмаштырыптыр. Эксперттердин айтымында буга эң көп болсо 30 миллион доллар кетмек экен, биздин чоңдор 386 миллион долларды мойнубузга илишти. Бул кредит боюнча биз кытайларга үстөктөрү менен 500 млн доллар карыз болуп калыптырбыз. Датка-Кемин электр линиясынын узундугу 400 чакырым болсо ага 400 млн доллар сарпташыптыр, ошондо ар бир чакырым зым 1 миллион доллардан айланабы? Бул эмне деген шумдук? Түндүк-түштүк альтернативалуу жолунун ар бир километрин 3 млн долларга чейин куруп жатышат дейт. Бакиевдин учурунда асфальт жолдун 1 километрин 1 млн долларга курса “Бакиев уурдап жатат!” деп кыйкырчубуз! Анда эмне үч эселеп, Атамбаев эмне кылып курду?  Ошондой эле атамбаевчилер 6 жылда бажы системасындагы, бардык тармактардагы коррупциялык схмеларды, тендерлерди өз каалаганындай көзөмөлдөштү. Жанагы шоопуру эле эмнелерди гана жасабады? Атамбаевдин эки уулу – Сейит менен Сейтек өздөрүнүн жеке менчик “Автомаш-энерго” компаниясы аркылуу миллиондогон квт мамлекеттик электроэнергияны арзан алып, кымбат сатып турду. Анан эмнеге алар Кытайдан алган карыздарды биз карапайым эл төлөшүбүз керек? Эмнеге жанагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев карыздарды төлөө үчүн атайын эсеп ачып, кыргыз жарандарына “карыздарды төлөшүп койгула” деп кайрылып жатат? Ал Атамбаевчилерге кайрылсын. Камалып жаткан атамбаевчилерди кустуруп, казынага уурдагандарын төктүрүп, мына ошолордун эсебинен кутулушсун! Карапайым элди кыйнабасын”, – деди Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: