Сот өткөн жумада камактагы Канат Исаевдин Токмок шаарынын мэри болуп турган учурдагы кылмыш ишин, тактап айтканда, «коррупция» статьясын «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» статьясына которуп, ал иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен кыскарткан. Эми болсо президенттик шайлоонун алдында “бийликти күч менен басып алуу аракети” боюнча козголгон иши кайра тергөөгө жөнөттү. Буга байланыштуу, коомчулукта бийлик Исаевди актоо аракети аркылуу Чүйдөн позициясын бекемдөө максатын көздөп жатат деген пикирлер айтылууда. Ал ортодо акталган менен Бакиевди, Бабановду, Текебаевди, Атамбаевди саткан Исаев Жээнбековдорду оңой эле сатат деген көз караш да өкүм сүрүүдө.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ