Menu

Табылды Акеров, саясат таануучу: «2010-жылы июнда Отунбаеванын юбкасынын алдына жашынып олтургандар быйыл 31-августта Роза Отунбаевага «Эл баатырын» бериш керек болчу»

Бөлүшүү:

-Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн  мындан аркы тагдыры кандай болушу мүмкүн? Учурда бири-бирин чукумай башталбадыбы? Атамбаев айткан сөзүнө  туруп, мародерлордун, банк ячейкасы боюнча иштерди ачыкка чыгара алабы?

– 31 августан баштап булардын ортосунда официалдуу ажырым пайда болду десек болот. Эми булар Конституцияны өзгөртүү маселеси боюнча чындап эле каршылашып калышты. Анын себеби, эгер буга чейин Конституцияны өзгөртүү  маселеси боюнча ЖКтин 5- чакылышы президенттин институту менен тең ата катары сүйлөшүп келсе, бүгүн ЖКтин 6-чакырылышы өзүнүн чөнтөк парламент катары көрсөтүп жаткандыгында. 5-ачкырылыштагы парламент Атамбаевге макул болуп, канча ирет  Конституциянын долбоорун иштеп чыгып сунуштады эле. Бирок, А. Атамбаев ал проектилерге макул болгон эмес. Ошого  ал проектилерди токтотуп, конституциялык реформалар болбойт, ал 2020-жылга чейин алмашылбайт деп келген. Себеби, ал конституциялык долбоорлорго Атамбаевдин тегереги   макул болбош керек деп, акыл айтып келген да. Ошого конституциялык өзгөрүүлөр ишке ашпай келген.

Ал эми ЖКнын 6-чакырылышы чөнтөк  парламент болуп калгандыктан бүгүн президенттик институт үстөмдүк кылып, өздөрү иштеп чыккан долбоорду парламентке жөнөтүп, анан аларга тааныштырбай эле, карама сокур абалда кол койдуруп алып, омуроолоп, регламентти карманбай эле, түз референдумга алып чыкканы турат.

Конституциялык өзгөрүүлөр жүрүп кетсе, анда бийлик толук күчкө кирет. Анан президенттик шайлоолорго карата эң таасирдүү саясатчыларды оюндан чыгарып, саясаттан оолак болуусун камсыз кылыш үчүн мародёрчулук, банк ячейкалары ж. б. иштер кайра тергөөгө алууга аракет кылышы мумкун. Себеби, бул саясат. Бирок, ал иштер эч убакта ачылбайт, себеби мында саясат көп. Кечээ Текебаев бул боюнча Атамбаевге официалдуу кайрылбадыбы? Тап деп. Бийлик «Азаттыктын» корреспонденттери аркылуу канчалаган чуулгандуу маселелерди көтөрдү. Бирок, бири да камалган жок. Бирок, ошол маселелерди көтөргөн журналисттер мамлекеттик сыйлык да, кызмат да, парламенттик мандат да алып алышты.  Ошого мында саясат көп.

-Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ортосундагы ынтымактын ыдырашына Конституцияны  өзгөртүү  гана себеп болуудабы же башка да жагдайлар барбы?

-2010-жылы Ош-Жалал-Абад жаңжалында УӨ, көптөгөн саясатчылар эмне кылаарын билбей калышкан. Ошондо эки гана киши ишке жараган. Бирөө Р.Отунбаева, өлкөнү, бардык күчтөрүдү мобилизациялап, генералдарды ишке тарткан. Ал эми Ө.Текебаев жана конституциялык кеңешме өлкөнүн негизги мыйзамынын жаңы долбоорун иштеп чыгып, аны сунуштап, УӨ аны референдумга алып чыгып, абал сакталып калган. Эгерде ошондо 27-июнда Р.Отунбаева чечкиндүүлүк менен конституицялык реформаларды ишке ашырып жибербегенде, азыр УӨ мүчөлөрү кайда олтураарын бир Кудайдын өзү билет. Ошого айтып жатпайымбы, 2010-жылы айрым УӨ мүчөлөрү, саясатчылар Р. Отунбаеванын этегине башын катып олтурган. Эмне болсо, ошол болсун, баарына ушул жооп берсин дешип. Ошол кезде эл УӨтөн дал ушул бүгүнкүдөй айкырык кадамдарды күткөн да. Бирок, тилекке каршы, ошол кезде контр күчтөргө баш көтөрө алышпай, өлкөнү контролдой албай, айлалары куруп калган. Р. Отунбаева, эл менен бирдикте өзүнө жүктөлгөн ишти татыктуу көтөрөп кете алды. Ошого менимче, өлкөнүн эгемендик күнүнүн 25 жылдыгын майрамдап жатканда, Р. Отунбаевага Кыргыз элинин баатыры деген наамды берсе, анда окуялар таптаза башка нукта өнүкмөк эле. Бирок, тилекке каршы андай болгон жок.

Анын себебин, дагы бир ушундай эле окуянын негизинде түшүндүрсө болот. Илгери Мавереннахр (Өзбекстандын территориясы) Моголистандын курамында болгон. Бирок, Тоглук Тимур өлгөндөн кийин, ал боштондукка чыгат. Бийлик Амир Тимурга өтөт. Бирок, Тоглук Тимурдун уулу өлкөнү кайра баш ийдирем деп, аскер менен келип кысканда, Амир Тимур Самаркандга качат. Душман жакындаганда Тимур досу Хусеин экөө  Самаркандды коргомок турсун, аскерлерин алып, шаарды таштап качып кетишет.  Самарканддыктар чогулуп, өздөү башчы тандап, шаарга Кызыр Кожону киргизбей коет. Ал кайтып кеткен соң, Амир Тимур Хусеин экөө  келип, шаардыктардан сурайт шаардын коргонуусун кимдер жетектеди деп. Шаардыктар эл баатырларын даро көрсөтүп, анын алдына коет. Ал аларды өзүнө чакыртып, анан барынын баштарын алдыртып салат. Ошол эле замат өзүнүн досу Хусейинди да өлтүртүп, шашылыш анын (чингизид тукумунан) жесирине үйлөнөт. Ошентип, Мавереннахрдын эгемендүүлүгү үчүн күрөштүн жалгыз каарманы болуп Амир Тимур эле калган. Бардык эрдиктердин, атак-даңктын ээси жалгыз Амир Тимур болуп калган.

Ошондуктан, УӨ экс-мүчөлөрү президентке кайрылуусунда да айтып жатышпайбы, 2010-жылы өлкөнү стабилдүүлүккө  келтирүүдө  баарыбыздын бирдей салымыбыз болду, тарых баарын тастыктайт деп.   Б.а. Атамбаевдин тегереги аны УӨтүн башка мүчөлөрүнө каршы коюп, аны жалгыз улуттук лидер кылууга аракет кылып жатат. Ошондо 7-апрель революциясына чейинки тарыхты Атамбаев жана алар жасаган болуп,  алар да тарыхка калып калат да. Мына ошондуктан, президенттин тегереги  Атамбаевди Убактылуу Өкмөткө  каршы коюп, анын колу менен буларды биротоло саясаттан жана тарыхтан сызып салуу  үчүн аракет кылып жатышат. Муну менен президенттин тегереги Атамбаевди пайдаланып,  2017-жылдагы президенттик шайлоолорго карата эң  таасирдүү  деп таанылган Р. Отунбаева, Ө. Текебаев, А. Бекназаров, А. Мадумаров  сыяктууларды  бир аз ооздуктап, буларды чоң саясаттан сүрүп, оолак болуп турууларын билдиргендей болду.

Бирок, бул ушуну менен эле токтолуп калбайт. Акырындык менен бул КСДП партиясынын да башына түшөт. Себеби, азыр тегереги президентти пайдаланып өзүнө тап бере ала тургандарды эле нейтрализациялоону көздөп жатат. Кийинки этапта, Конституция кабыл алынгандан кийин, прездиденттин катышуусуз эле  башка фракция жетекчилерин жана КСДПнын лидерлерин да президенттикке баргыс кылып, жолдорун бууп, өздөрүнүн ичинен бирөөнө  жол ачышат.

Ушул жерден айтып койчу нерсе, эгер референдум болуп калса, өлкөдөгү кийинки саясий процесстер Конституциянын кандай деңгээлде алмашышына жараша жүрүшү мүмкүн.  Биринчиден, ал Атамбаевдин экинчи  мөөнөткө  барышына жол ачышы мүмкүн. Экинчиден, ал Атамбаевдин премьер-министр болуп калуусуна жол ачышы мүмкүн. үчүнчүдөн ал Атамбаев Польшанын экс-президенти Квасневскинин үлгүсүндө  башкаруусуна жол ачышы  мүмкүн. Ошол эле учурда ал бийликтин Бакиевдин бийлигинен да төмөн деңгээлге түшүшүнө  алып келиши мүмкүн.

– 31-августта Атамбаев сүйлөп жатканда Отунбаеванын кетип калышына сиздин пикириңиз кандай? Ал туура кадам жасадыбы?

-Менимче эң туура  кылды. Себеби, саясат-саясат болгону менен, баары бир жазылбаган нормалар, мораль, эрежелер өкүм сүрөт да.   Саясатчылыр, баатырлар бирин-бири урматтоо илгертен келаткан салт да.  Баары бир тарых баарын ордуна коет да.

-Текебаев менен Бабанов биригет деп жатышат. Булардын биригүүсү мүмкүнбү? Эгерде бириксе “достук” канчага созулат?

-Саясатта баары болот.  Ө.Бабанов менен К.Ташиевди деле ким ойлоду эле биригет деп. Ал гана эмес, бириккенде да, көпчүлүк жөн сөз го деп, ишенбей жатышты. Саясатта биригүүлөр же убактылуу бир саясий абалдан чыгыш үчүн болот, же ал келишимдер эки тарапты тең канааттандырса, биригүү узакка созулушу да мүмкүн.

-Деги эле Конституциянын өзгөрүшүнө  пикириңиз кандай?

-Менимче, биринчиден, Конституция 2020-жылга чейин өзгөрбөшү керек. Экинчиден, эгер өзгөрсө, анда ал азыркы Конституциядан алда канча жакшы болушу керек. Мисалы, Ф. Куловдун вариантындай болуп. Парламенттин коомдогу орду так көрсөтүлгөн, бийлик бутактарынын ортосунда ал салыштырмалуу туура бөлүштүрүлүп, баланс сакталган. үчүнчүдөн, конституциялык өзгөрүүлөр коомдо, өзгөчө саясий элитаны эки тарапка бөлбөй, тескерисинче ар түркүн күчтөрдүн, тараптардын биригүүсүн  камсыз кылышы керек. Төртүнчүдөн, конституциянын жаңы долбоорун конституциялык кеңешме иштеп чыгышы керек. Бешинчиден, конституциялык кеңешменин курамында жок эле дегенде 2 конституциялык реформалар боюнча юрист-специалисттер болушу абзел. Бүгүнкү конституциялык долбоор жогоруда айтылган критерийлердин бирине да жооп бербейт. Кыргызстанда эгемендүүлүктүн 25 жыл аралыгында конституция 9 жолу алмашканы менен, алардын биринде да, конституция боюнча юрист катышкан эмес. Жада калса, бул реформалардын баарынын катышуучусу, канчалаган конституциялардын автору болгон Д.Нарымбаев да конституция боюнча юрист эмес. Себеби, Кыргызстанда конституция боюнча юрист жок. Ошого, ар ким каалагандай жазып алып, президенттерге сунуш кылып, конституцияны өзгөртүшүп жатышат. Эки ортодо эл кыйналып, эки жолу революция да болуп кетти.

Сөзүмдүн акырында айтып коеюн, 2010-жылы референдумда эл УӨкө  өзгөчө ишеним көрсөткөн, булар эми эч качан конституцияны өзгөртпөйт деп. Себеби, УӨ конституциянын референдумга коюлган долбооруна бадырайтып жазып койгон да, 2020 –жылга чейин өзгөрбөйт деп. Ошондуктан, эл буларга ишеним артып, аны бекитип берген. Атамбаев да президенттик шайлоолор учурунда конституцияны өзгөртөм деп эч убада берген эмес. Тескерисинче, А.Мадумаров бул конституцияны өзгөртүш керек деген программа менен чыккан. Эл Атамбаевге УӨ мүчөсү деп ишенип, аны конституцияны өзгөртпөйт, стабилдүүлүк болот деп өз добуштарын берген.  Суверендүүлүккө негиздегилери келишет, андай эле болсун  Үңкүр-Тоо, башка чек ара маселелери боюнча Өзбекстанга  жеткиликтүү   жооп  берип алышсынчы.

-Атамбаев Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына барган жок. Муну көпчүлүк сынга алууда. Кеч болсо да В.Путиндей болуп барып койсо болот беле?

-Каримовду узатуу сапарына Назарбаев Кытайдагы сапарын токтотуп, учканы жатыптыр деген маалымат басымдуу чыгып жатты. Путин да барат-барат болуп жатып токтоду. Кыязы, КМШ жетекчилери ич ара сүйлөшүүлөрдү  жүргүзө  салышып, анан өз пландарын өзгөртүштү көрүнөт. Мисалы, Орусия президенти Путин Керри менен катар барып калса, Өзбекстандын лидерлери менен кенен олтуруп келечек жөнүндө  сүйлөшө алмак эмес. Б. а. мураскер проблемасынын айынан пландар өзгөрүп кетти. Бирок, Кыргызстандын президенти барып койсо, туура болмок деп ойлойм. Борбордук Азияда байыртан өлүк коюуда, бардык чырлар унутулуп, маркум менен коштошууга, ага акыркы ызаат көрсөтүүгө  төгөрөктүн төрт бурчунан хандар, уруу башчылары келишкен. Бул салт орхон-энесай жазмаларында бадырайып жазылып турат. Тажикстандын президентинин Самарканд сапары «коңшубуз  кайгыга тушукту» деген сөздөр менен коштолуп, өтө жагымдуу  көрүнуш жарата алды.

Бирок, ошол эле учурда КМШ президенттери эми Кыргызстандын президентинин туулган күнүнө келет деген сөздөр айтылып жатат. Алардын  келиши өлгөн президенттен тирүү  президент артык дегенге барабар болуп калбайбы деген суроо туулбай койбойт.

-Эми өзбектер менен чек ара маселеси чечилеби? Анткени Каримов өлсө эле чек ара чечилчүдөй болуп жатышпады беле.

– Ооба. ММКларда бул өтө катуу талкууга алынып келди. Анан калса, бул сөздү президент Атамбаев ошентип айтты деп да чуу көтөрүп жатышты. Бирок, чек ара мамилесин чечүү өтө татаал. Менимче, азыркы бийлик башкасын коюп эле, Үңкүр-Тоо проблемасын  дурус чечип берсе гана. Себеби, Бакиевби, башкасыбы сатканы менен, парламент ратификация кылган эмес. Экинчиден, Өзбекстан да учурунда бир нече километр жерди такталды деп кол коюп берип коюп, кийин ал макулдашуунун айрым участоктор боюнча колдорун кайра чакыртып алышкан. Ошондуктан Атамбаев жана бийлик да бүгүн ошол жолго барышы керек. Үңкүр-Тоо боюнча Бакиевдердин келишимин кайра чакыртып алыштары керек. Болбосо, эл тынчыбайт. Себеби, Бакиевдер сатса, азыркылар деле Бакиевге шылтап акча алып алыштары мумкун деп эл ишенбей, көтөрүлүп  кетиши мүмкүн.   Бийлик Бакиевдер сатты деп жатабы, жатат. Бирок, бул бийликте ал келишимдерди кайра чакыртып алууга мүмкүнчүлүктөр  бар экенин да айтып жатышпайбы. Демек, мамлекеттик бардык органдар ошол багытта иш алып баруулары керек. Эгер Тажикстанга да жерлер сатылса, ал келишимдер ратификациялана элек болсо, анда ал  келишимдердин баарын кайра чакыртып, кайра карап чыгыштары керек.

Булак: Ачык саясат

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: