Menu

Генерал Өмүрбек Суваналиев экс-президент Атамбаев эл алдында кечирим сурамайынча элдешпестигин билдирди

Бөлүшүү:

Чындыкты сүйгөн, карапайым элдин катмары генерал Өмүрбек Суваналиевдин баскан жолун, туруктуулугун баалашат. Кайсы гана система болбосун, каарманыбыз мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып келген. Ал эми соңку сегиз жылдан бери кызматка барбай, саясатчы катары коомчулуктагы ар кандай кубулуштарга убагы менен ой-пикирин ачык айтканы эсибизде. Ушул күндөрү айрым саясый күчтөр «Комиссар Каттанини» өздөрүнө пайдаланууга ашыгышканы, анын атын алдыртан сата башташканы угулууда. Атургай Атамбаев менен жакындатууга да аракеттер көрүлүптүр. Бирок, кыраакы генерал түз багытынан жанбай, «Атамбаев эл алдында менден кечирим сураш керек» деген сөзүнөн кайтпаганы да көкжалдык катары сыпатталууда. Эки лидердин ортосунда убагында түшүнбөстүктөр болгону белгилүү. Канча жыл өтсө да Суваналиев жигиттик сөзүнөн тайбай, эң башкысы, майда интригалардан бийик туруп, мамлекеттүүлүктүн пайдасына карай салым кошууга белсенгени, өзүнүн ордун татыктуу кармаганы менен өзгөчөлөнүүдө. Кыскасы, Өмүрбек мырза бүгүн эч кандай агымдарга кошулбастан карапайым эл тарабында экенин эскертмекчибиз…

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: