Казакстан Кытайдын саясий лагерлеринде кысым көрүп жаткан казактар тууралуу маселени эл аралык уюмдар алдында көтөрө албайт. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына бул өлкөнүн тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов билдирди.
– Бул маселеге өзгөчө көңүл бөлүп жатабыз. Эл аралык уюмдар алдында бул маселени көтөрүүгө укугубуз жок. Бул Кытайдын ички маселеси. Биз алардын ички ишине кийлигише албайбыз. Бирок тышкы иштер министрлиги бул маселеге олуттуу кароодо, – деди министр.
Абдрахманов Кытайдын “саясий тарбия лагерлериндеги” казактардын көйгөйүн жаңы дайындалган Кытайдын Казакстандагы элчиси менен талкуулай турганын айтты.
Шинжаңдын “саясий кайра тарбия берүү лагерлеринде” улут азчылыктары куугунтуктоолорго кабылып жатканын эл аралык уюмдар жана дүйнөлүк ММКлар маалымдап келишет. Кытайдагы казактар басмырлоого кабылып жатканы тууралуу 2017-жылдын апрель айынан тарта белгилүү боло баштаган. 6-ноябрда БУУнун Женевада өткөн Адам укуктары боюнча жыйынында Кошмо Штаттар, Канада, Германия жана Франция Кытайдан Шинжаңда кармалгандарды бошотууну талап кылышты.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ