Menu

Өзбекстан менен АКШ мажбурлап иштетүүгө каршы туруу боюнча пикир алышты

Бөлүшүү:

АКШ Соода өкүлчүлүгүнүн делегаттары Өзбекстандын Эмгек министрлигинин өкүлдөрү менен бирге мажбурлап иштетүү өнөктүгүнө каршы көрүлүп жаткан аракеттер боюнча пикир алышты.

24-июлда өткөн жолугушууга АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Кристофер Уилсон баштаган америкалык аткаминерлер менен Өзбекстан эмгек министри Шерзод Кудбиев жетектеген бийлик өкүлдөрү катышты.

Сүйлөшүүлөр учурунда мажбурлап иштетүү менен андан ары күрөшүү үчүн укук инспекторлорунун санын арттыруу зарылдыгы белгиленди.

Өткөн жылдардагы тажрыйбаларды эске алып, пахта чогултуу учурунда тиешелүү эл аралык уюмдарга Эмгек министрлигине келип түшкөн арыз-даттануулардын базасын көрүүгө мүмкүнчүлүк берилмей болду. Алар министрлик жана жарандык коом менен ачык иш алып барып, мажбурлап ишетүүгө каршы күрөшүүгө макулдашты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: