Menu

Прокурор Сооронбаев “сооданы” жакшы билет окшойт

Бөлүшүү:

Албетте, жаштар кызматка келсин деп ураан салганыбыз туура. Бирок, ошол жаштар арасында да идиреги бар, ушуга чейин жасаган ишинен бир нерсе көрсөтө алгандарды тандасак кана, аттиң? Мисалга айтсак бир жыл мурун Балыкчы шаарына 36 жаштагы жаңы прокурор бекитилди. Бул жигиттин аты-жөнү Сооронбаев Мелис Дүйшөмбиевич. Ооба, жаш экени, жаштыгына карабай жооптуу кызматты моюндап атканы жакшы. Арийне, бул жигит прокуратура тармагында иштеп жүргөн жылдарында деле көзгө көрүнөөрлүк кандай иш жасаган деген суроо жаралат? Өз күчү, өз билими менен прокурорлукка жеттиби деген да собол жаралат? Бир сөз менен айтканда көптүн эле бири. Анан кантип мындай жооптуу милдетти аркалап калды? Болбосо өз ишин мыкты билген, 35 жаш эмес 50 жашка чыкканга чейин кендирди кескен акчанын айынан капчыгы жука кесипкөй адистер жогору жакка «секирик» жасай албай тушалып олтурат го. Албетте, мындай ой ар бир адамдын оюна сөзсүз келет. Көрсө, бул Мелис жигит кадимки Адахан Мадумаровдун кезинде «оң колу» болуп, атүгүл каржылык демөөрчүсү болуп жүрчү Дүйшөмбү Сооронбаев деген аксакалдын кичүү уулу тура. Демек, жетекчилик кызматка «капчыктын күчү менен келгени айдан ачык билинип турган жокпу? Анан калса чоңмун деп чочоңдоп калчу өнөрү бар экен бул жигиттин… Кызыктар али алдыда окшобойбу!

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: