КР УКМК ККК тарабынан ыкчам-издөө иш чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБ өлкөлөрүнөн күйүүчү жана майлоочу материалдардын мыйзамсыз ташуу фактысы аныкталып, тыюу салынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, Талас областындагы “Чоң-Капка автодорожный” өткөрүү пунктунан 3,2 тонна АИ-92 маркасындагы бензини бар, колго жасалган атайын кошумча күйүүчү май бактары менен эки оор жүк ташуучу автоунаалар кармалды.
Белгилей кетсек, бул ташылган мунай заттар милдеттүү салык төлөмдөрдөн качып мыйзамсыз сатылаары аныкталды. Мунай заттарын ушундай мыйзамсыз ташуунун схемасынын уюштуруучусу Талас шаарынын жашоочусу Б.Т. экендиги аныкталды. Ал 2018-жылдан бери ташылган мунай заттарын областын аймагында мыйзамдаштыруу жанаөлкөнүн түштүк региондоруна жөнөтүү максатында Талас шаарында май куйуучу бекетин ижарага алган.
Азыркы убакта КР УКМК тарабынан аталган кылмышка катыштыгы бар адамдарды тактоо жана ушул сыяктуу каналдарга бөгөт коюу багытындагы кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ