Menu

Түркмөнстанда жаңы саламаттык сактоо объектилери ачылды

Бөлүшүү:

21-июлда Түркмөнстанда кезектеги жолу медицина кызматкерлеринин күнү белгиленип, жаңы профилдик объектилер ачылды.

Алардын арасында Марыда курулган балдар ооруканасы, Түркмөнабаддагы көп профилдүү ири медициналык борбор жана 200 бейтапка ылайыкташтырылган Түркмөнбашы шаарындагы «Аваза» санаторийи бар. Бул объектилердин ачылышы бийлик өкүлдөрүнүн жана эл аралык дипломаттардын катышуусунда салтанаттуу түрдө өттү.

Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата Ашхабадда «Саламаттык-2018» деп аталган эл аралык көргөзмө жана форум ачылган. Андан тышкары Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүндөгү тамактанууну жакшыртуу боюнча аймактык платформа түзүүгө арналган жыйын өттү.

Түркмөнстанды 2006-жылдан бери башкарып келаткан Гурбангулы Бердымухамедов кесиби боюнча тиш доктур. Ал өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын 10 жылдан ашык башкарган. Бердымухамедовдун тушунда расмий түрдө өлкөдө медицина кызматкерлеринин саны 15 миңге кыскартылып, бардык айылдык жана райондук ооруканалар, медицина жайлары жабылган. Андан тышкары жарандар медицина кызматтары жана медициналык камсыздандыруу үчүн акча төлөй башташкан. Ошондой эле өлкөдө үй-бүлөлүк дарыгер кызматы киргизилген. Ошол эле маалда Ашхабадда бир нече жаңы клиника курулган.

Учурда калк үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөр акылуу. Былтыр жыл ичинде медициналык камсыздандыруунун баасы 50% кымбаттаган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: