Menu

“Благодать” фонду эми мигранттардын кулчулукка сатылышына жол бербейт

Бөлүшүү:

Акыркы жылдарда чет өлкөлөргө жумуш издеп барып. анан кулчулукка кабылгандардын катары кыйла эле калыңдады. Дал ушул кесепеттин алдын алуу максатында Ош шаарында мигранттын мектеби ачыллы Анын негизги максаты туурасында “Благодать” коомдук фондунун Байкоочулар Кенешинин төрагасы, көз карандысыз серепчи Эркин Абдыразаковдон сураштырдык.

– Эркин мырза, Кыргызстандын Түштүк башкалаасында мигранттын мектебин ачуунун зарылчылыгы бар беле?

– Миграция боюнча эл аралык уюмдун акыркы маалыматына таянсак, Кыргызстанда жыл сайын 14740 жаран өлкөбүздүн ичинде, ал эми 4785 киши чет мамлекеттерде адам сатуунун накта курмандыгына айланышат экен. Анткени, туташ жакырчылык, тегиз жумушсуздук, ар кандай чырчатактар, жаратылыш кырсыктары жана мүмкүнчүлүктөрдүн чектелиши адамдарды абдан аянычтуу акыбалга кептеп, башына мүшкүл гана үйүп олтурат. Дал ушул кеспеттердин алдын алуу жана мындай мыйзамсыз жоруктарга мындан ары жол бербөө максатында “Благодать” коомдук фондунун алдында мигранттын мектебин түптөдүк. Биздин мүдөөбүздүн жүзөгө ашырылышын АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Демократиялык Комиссиясы каржылап жатат. Анткени, танып не, кулчулукка кабылгандардын дээрлик басымдуу бөлүгү – республикабыздын түштүк аймактарынын гана тургундары.

– Ушул тапта кайсыл өңүттө ишти абдан күчөттүңүздөр?

– Мигранттын мектебинин юристи жана психологу чет өлкөлөрдөн жана Кыргызстандын башка аймактарынан жумуш издеп бараткандарга акысыз юридикалык кеп-кеңеш беришет. Жергиликтүү бийликтердин жетекчилеринин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн арасында адам соодалоонун тобокелчиликтерин алдын ала эскертүү багытында дагы төгөрөк үстөлдөрдү жана талкууларды байма-бай уюштуруп жатабыз. Атүгүл Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында атайын тренингдерди ого бетер күчөттүк. Буга улай маалымат прглпа мейкиндигин дагы акыркы тапта кыйла эле кеңейттик. Бул өңүттө түштүк жергесине тогуз шптте атайын жолугушууларды дагы. Мындан тышкары FaceBook, Instragram, Odnoklassniki өңдөнгөн социалдык тармактардын кызматынан дагы куп эле пайдаланып жатабыз.

– Ушуну менен эле чектелип калбасаңыздар керек?

– Ооба. ‘Мигранте каалымдамасы” мобилдик таркемесин туруктуу нукка салдык. Андан мигрантгар түз бшиыв номерлерин, Кыргызстандын чет элчиликтеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн дайын-даректерин, чет мамлекеттерде жумушка орношуунун жана жайгашуунун эрежелерин социалдык жана медициналык кызматтарды, укуктук кеп-кеңеш берүүчү мекемелердин даректерин тапса болот. Ал эми толук маалыматтар www.traffikunet.kg сайтына дагы жайгаштырылган.

– Эркин мырза. Кыргызстанда адам соодалоо жана миграция боюнча түз байланыш мүмкүнчүлүгү дагыле баш оорутуп жатса керек?

– Азыр бул маселе дээрлик он жагына чечиген. Бишкек шаарында 1899 номуруна чалса, маселеси дароо чечилет. Ат эми өлкөнүн ички аймактарында жашаганлар 0800 00 00 189 телефонуна коңгуроо кылып, өздөрүн түйшөлдүргөн бардык соболдоруна дароо эле жооп табышат. А мүмкүнчүлүгү барлар [email protected] электрондук почтасына дагы кат жазышса, адистер аларга ынандыраарлык жооп берүүгө даяр.

Булак: Майдан

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: