Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауддун чакыруусу менен 15-декабрда Сауд Арабиясына делегация менен барган. Делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдулатиф Жумабаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Бакыт Төрөбаев, Акылбек Жапаров, Искандер Гаипкулов, Курманкул Зулушев, Төрөбай Зулпукаров, финансы министри Бактыгүл Жеенбаева, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, экономика министри Санжар Муканбетов жана айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев.
Алардын ичинен финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын кара хиджаб кийип алганы коомчулуктун көңүлүн буруп, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, сындалды жана дагы деле сындалууда. Журналист Тынчтык Алтымышов: «Министр Бактыгүл Жээнбаева жок жорукту баштабай, Арабиядагы хансарайчылар дресс-код талап кылса: “биздин улутук кийим исламга жооп берет”,- деп элечек кийип кирсе бир жери кемибейт болчу! Кара кийим кыргыздар үчүн жаман жышаан экенин билбейби?!”,-деп жазды эле аны көпчүлүгү колдоп кетти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ