Самарканд шаарындагы почтанын тарыхый имараты.
25-июлда Самаркандда 1910-жылы курулган почта имаратынын бир бөлүгү түрттүрүлө баштады. Ал жерге Самарканд мамлекеттик медициналык институттун жаңы имараты курула тургандыгы кабарланууда. Почта шаардын ЮНЕСКОнун коргоосундагы аймагында жайгашкан.
25-июлда Самарканд шаардык акимчилигинин капиталдык курулуш бөлүмүнүн кызматкери «почта имараты калаа башчысы Фуркат Рахимовдун 11-майдагы чечиминин негизинде мыйзамдуу түрттүрүлүп жатканын» билдирди.
– Ал чечимде түрттүрүлүшү керек болгон имараттар көрсөтүлгөн. Азырынча почтанын жарымы бузулду, бирок чечимде имарат толук бузулушу керектиги жазылган. Чечим президенттин 3-февралдагы токтомунун негизинде кабыл алынган. Бул жерге Самарканд медициналык институтунун окуу бөлүмү үчүн жаңы имарат курулат», — деди ал.
Анткен менен Самарканд облустук маданий мурастарды коргоо инспекциясынын башчысы Майсар Набираев Самарканддын ЮНЕСКОнун коргоосундагы тарыхый бөлүгүндө жайгашкан курулуштарды бузуу «Маданий мурастар объектилерин коргоо тууралуу» мыйзамга каршы келе турганын билдирүүдө.
Буга чейин өлкөнүн Башкы прокуратурасы шаардын тарыхый бөлүгүндөгү курулуштарды бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Почтанын тарыхый имаратынын түрттүрүлүшү дагы Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө алынганы айтылууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ