Menu

Өлкөдө үч жатак абак жоюлат

Бөлүшүү:

Чүй облусундагы №37 жана № 48, ошондой эле Бишкектеги №35 жатак абактары жоюлат. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 11-июлда кол койгон.

Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова жатак абактар кылмыш саясатын гумандаштыруу жана чыгымдарды оптималдаштыруу иштеринин алкагында жоюлуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан жазаларды жеңилдетүү саясатынын алкагында соттор кылмыштын түрүнө карата эркинен ажыратууга байланышпаган жазаларды колдонууга аракет кылып жатышат.

«Андан тышкары абактагыларды кармоо үчүн чыгымдар көп кетет. Колония имараттардын бир бөлүгү Жазаларды аткаруу кызматына таандык болсо, калгандары ижарага алынат. Биз бошогон имараттарды өндүрүштүк ишкана катары пайдаланалы деп жатабыз», — деди басма сөз катчы.

Азырынча жатак абактарды жоюу иштери качан аяктай тургандыгы так белгисиз. Сабатарова белгилегендей, кызматкерлерди жумушка орноштуруу, камактагыларды которуу жана жабдууларды чыгарууга белгилүү бир убакыт талап кылынат.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, акыркы 15 жыл ичинде Кыргызстанда соттолгондордун саны минимумга чейин азайган. 2017-жылдын аягына карата республикада соттолгондордун саны 7172 адамды түзгөн. Бул 2003-жылга салыштырганда дээрлик эки эсеге аз.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: