Menu

Соттук-укуктук реформа алкагында кабыл алынган ченемдик-укуктук актыларды талдоо боюнча жумушчу топтун экинчи жыйыны өттү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында соттук-укуктук реформа алкагында кабыл алынган ченемдик-укуктук актыларды талдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кемчилдиктерди жана кагылыштарды аныктоо тууралуу экинчи жыйыны өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков эскерткендей, жумушчу топтун ишмердигин камсыздоо үчүн кошумча эки эксперттик топ түзүлгөн, алар мамлекеттик органдардан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан түшкөн бардык сунуштарды карашат.

«Биздин топтордун аянттарында 2019-жыл бою соттук-укуктук реформа алкагында кабыл алынган кодекстерди жана мыйзамдарды өркүндөтүү, тармактык мыйзамды шайкештөө боюнча сунуштар иштелип чыгат. Мындан тышкары дал ушул биздин топ кабыл алынган кодекстердин жана мыйзамдардын концепциясын сактоону камсыз кылууга тийиш. Ал тургай жумушчу топтун жыйындарында укук колдонуу тажрыйбасы жана мамлекеттик органдар туш болгон маселелер каралмакчы», – деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө 5 маселе каралган. Биринчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү сүйлөшүп, Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды айтты.

Талкуулардан кийин «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясын жакшыртуу чечими кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аталган мыйзам долбоорун болуп өткөн талкууларды эске алуу менен толуктап иштеп чыгууга тийиш.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын «Контрчалгындоо ишмердүүлүгү жөнүндө», «Тышкы чалгындоо ишмердүүлүгү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына чалгындоо жана контрчалгындоо ишмердүүлүгү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоорлору тууралуу баяндама жасашты.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине мыйзам долбоорлорун толук иштеп чыгууну камсыз кылуу тапшырылды.

Мындан тышкары ведомствого мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка кызыкдар тараптардын катышуусунда кеңири коомдук талкуулоону камсыз кылуу милдеттендирилди.

Үчүнчү маселенин алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлү «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан каралган бузуулар боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө баяндама жасады.

Талкуулардын соңунда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан каралган бузуулар боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечими кабыл алынды.

Ошол эле учурда белгилегендей, сунушталган өзгөрүүлөрдүн алкагында социалдык маанидеги бузуулар боюнча жоопкерчиликти аныктоо маселеси каралууда.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясына сунушталган өзгөртүүлөрдүн коомдогу коомдук-укуктук мамилелерге таасирин дыкат талдоо зарылдыгы көрсөтүлдү.

Анан соң жыйындын катышуучулары «Жабырлануучуга материалдык жана моралдык зыянды Атайын фонддун каражаттарынан калыбына келтирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карашты.

Кыргыз Республикасынын  Ички иштер министрлигинин өкүлү баяндама жасады.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Финансы министрлигине Ички иштер министрлиги менен биргеликте мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн финансы булагын  аныктоо тууралуу маселени кайра изилдөөнү тапшырды.

Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине финансылык керектөөлөрдү тактоо жыйынтыгы боюнча, ошондой эле бюджетти кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен мыйзам долбоорунун, Мыйзам долбоорундагы анын күчүнө кирүү убактысына тийиштүү ченемдерин кайра карап чыгуу тапшырылды.

Бешинчи маселенин алкагында катышуучулар мамлекеттик чек арадагы бузуулар үчүн жоопкерчиликти тактоого тийиштүү  «Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун угушту.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү дагы баяндама жасады. Кароонун жыйынтыгы боюнча мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылган.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына болуп өткөн талкууларды эске менен мыйзам долбоорун иштөөнү аягына чыгаруу, анын ичинде Мыйзам долбоорунда «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана «Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын соттук-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган кодекстерге жана мыйзамдарга дал келтирүүгө байланыштуу ченемдерди караштыруу тапшырылды.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: