Кечээ, 21-сентябрда өзүнүн кичи мекени Алайда үгүт кылып жүргөн Ахмат Келдибеков менен шайлоочулар кайым-айтыша кетишти:
-Мен сиздин бала кезимден бери билем, бирок элге эмне кылып бердиңиз?
-Сен ошондо канча жашта элең?
-Ошондо мен 9-класста элем.
-9-класс, та-ак, эмне пайда болду?
-Ошондон бери депутат болуп эле келе жатасыз…
-Мен 8 жылдан бери Атамбаев жана Текебаев менен чабышып келе жатам, билбесең. Текебай деген менен чабышкам. Азыр дагы чабышам.
-Чабыша турган болсоңуз, эми Текебаев менен чабыша албай калдыңыз, эми Жанар Акаев менен чабышам деп келе жатат экенсиз да сиз.
-Мен Текебаев менен чабышам. Жанар үкам болот, эмнеге чабышмак элем. Мен Текебаев менен чабышам. Өмүр бою чабышкам и чабыша берем Текебаев менен. Жанар сага окшогон үкам болот.
-Жанар Акаев “Ата-Мекендин” лидери болуп келе жатпайбы, демек Жанар Акаев менен чабышат экенсиз да.
-Мен Текебаев менен чабышам. “Ата-Мекени” жок Текебаев менен чабышам деп жатам. Сен 9-класста окуп жатканда мен эмне иш кылдым билесинби? Сурабайсыңбы?
-Текебаев жок уже! Текебаев оюндан чыкты. Ушинтип эле чабыша берсек анан качан каякка өнүгөбүз?
-Эй, мени менен мындай сүйлөшпөгүлө, мен дагы Алайлыкмын… Мен Атамбаев жана Текебаев менен чабышып жүрдүм деп жатам.
-Ага чейин эмне иш кылдыңыз? Депутаттыкка шайлоодо эле чабышып каласыңар…
-Мени менен үкам, нормально сүйлөш, дагы кайталайм, мен сага окшогон Алайлыкмын. Эмне элди чыкпа дегенде эмне? Өчүр телефонуңду, өчүр сен! Ушул жерге келгенде Келдибеков телефондун видеокамерасын өчүртүп койду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ