Маркум Султан Жумагуловдун ордуна экс-министр Алтынбек Максүтов кайрадан келери чынбы? Бул жагын Акүйдөгү өздүк булактарыбыз да шардана кылышууда. Эгерде бул жигитке бул сапар да оомат оосо, тармактан чыккан татыктуу кадр катары ишти жөндөп кетерин бөркүңөрдөй көрсөңөр болот. Идиректүү жигит Көчмөндөр оюндарында көмүскөдөгү «мотор» болуп, ишти жөндөп кеткени көпчүлүктүн көөнүнө жакканын эске алганда, бул жагынан татыктуу кадрга ичтарлык кылбай жол ачып коюу мезгилдин талабы болууда.
Канжар Борпошов
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ