Эмне үчүн бийлик бекем принциби жок адамдардан куралат?
Ар бир партиянын Саясий Кеңеши бар. Адатта ошол Саясий Кеңеш партиянын ишин, келечек багыттарын аныктайт жана бекитет. Ал эми Саясий Кеңеш чыгарган чечимди же тапшырманы ошол партиянын ар бир мүчөсү( мейли чиновник, мейли катардагы мүчөсү болобу) кыйшаюсуз аткаруусу керек. Бул партиялык принциптин башкы эрежеси. Мындай эреже бир эле КСДПга эмес, жер жүзүндөгү бардык саясий партияларга мүнөздүү болгон негизки функция. Андайда кайсы бир партиянын Саясий Кеңешинин чечимин же сунушун анын мүчөсү аткарбай четке кагуусу же Саясий Кеңештин чечимин теңирден тескерисинче аткарышы- бул саткынчылык менен чыккынчылыктын чеги катары бааланат. Жакында ошондой көрүнүш болду. Ачуураак айтканда бийлик, кызмат, байлык десе жеке жыргалчылыгы үчүн баарын сатып кеткенге бара тургандыгын Кыргызстан Социал Демократиялык Партиясынын Жогорку Кеңештеги (депутат Иса Өмүркулов башында турган) фракциясы далилдеп берди. Алардын андай кубулма аракеттерин бүт эл көрдү. КСДП парламенттик фракциясы депутат Кожобек Рыспаевди фракциянын катарынан чыгаруудан баш тартышты. Ал эми мындай көрүнүш КСДПнын Уставына түздөн-түз каршы келет. Эске салсак, ЖКнын депутаты Кожобек Рыспаевди «көз караштардын дал келбегендиги үчүн » деп КСДПнын Саясий Бюросу 2018-жылдын 19-августунда партиянын катарынан чыгарып салышкан. Ошону менен бирге эле Саясий Бюро парламенттеги өзүнүн депутаттык фракциясына Кожобаевди фракциянын курамынан чыгарууну сунуш кылган. Алтымыш күнгө жакын созулган ал сунушка жакында парламенттеги КСДП фракциясынан 4 депутат «макул» дешип, 26 депутат «каршыбыз» деген добуштарын берип Кожобек Рыспаевди сактап калышты. Ушул көрүнүш боюнча азыр ар кимиси билмексен болушуп тескери телтейишкендери менен коомдогу саясий күчтөрдүн тар чөйрөсүндө да, карапайым коомчулуктун катмарында дагы «парламенттеги КСДП фракциясынын күн карама депутаттары өз керт баштарынын жыргалчылыгы үчүн каратып туруп партиянын Уставын бузушту» деген кептер да айтылып жатат. Бир чети мындай пикирлердин да олчойгон чындыгы бар. Экинчиден бул маселе Жогорку Кеңештин регламентин бузуу жолу менен өткөнүн дагы бир КСДПчы депутат И. Карамушкина билдирип чыкты. Карамушкинанын айтымында «бул бир ажайып көрүнүш болду, ар бирине барып «тырыштырып»… анан да кайдагы «сурамжылоо» дегени менен добуш бердиртип. Мындай аракет баарыбызды адашууга такады. Аны уюштургандар одоно ката кетиришти, бул саткынчылыктын барып турган чеги».
Ал эми бул окуяга баам салып турган коомчулук эч кимисине ачык жан тартышышпаса да чынында эле мындай жүзүкаралыкты бүгүн бар эртең жок кызмат үчүн баарына барууга даяр, эч принциби жок адамдардын аракети катары эсептешүүдө. Андан да жаманы зымырайып аккан суудай болуп үстү жагынан байкалбаганы менен түпкүрдө ушундай көрүнүштөргө болгон болгон нааразычылык, а тургай жек көрүү сезимдери ого бетер күчөп баратканында.
Ал эми депутат Кожобек Рыспаев тууралуу дагы бир ириет окурмандарга эскерте кетсек, «Рыспаев «Ош базарында» оокат кылып жүргөн кезинде жакшы эле ага жардамы тийген Курманбек Бакиевди, кийин Ак үйгө алып кирген Куловду сатты, андан соң Атамбаевди сатты, эртең Жээнбековду да биринчилерден болуп ушу киши сатпайбы?» деген маанайдайгы пикирлерди дээрлик ММК жааты жазып чыгышкан. Калганын өзүңүз таразалап алаарсыз, окурман.
Ногойбай Султанов
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ