Азыр коом башка. Маалыматтын жарышы мезгил закымынан калбайт. Мындай учурда: “Ким маалыматка эгедер болсо, ал дүйнөнү башкарат” деген таамай кепти мисалга тартсак болот. Маалымат жарышынын төө бастысында калбаш үчүн адамдар, өзгөчө жетекчилер кылдаттык менен баам салып, ийрисин түзөп, оңун кубаттап туруулары шарт эмеспи.
Бирок муну моюндагысы келмек тургай таптакыр “уктап” жаткан министрлер да арабызда бар экен. Эсиңиздерде болсо, Кыргыз Республикасынын юстиция министри Уран Ахметов тууралуу өткөн саныбызда жазганбыз, кыргыз тилин чанып, иш кагаздарын, кайрылууларды расмий тилде гана кабыл алууну жүргүзүп жаткандыгы боюнча.
Гезиттеги макала чыккандан кийин атын атагысы келбеген Юстиция министрлигинин кызматкерлери министр Уран мырзанын өзүм билемдик саясаты тууралуу маалыматтарды айтышты. Бул боюча өзүнө кайрылууну туура таптык. Албетте, айтылгандардын анык-бышыгын тактоо иретинде. Арийне байланышууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан гезит аркылуу үн салып жатабыз. Окуп калса, оюн айтаар.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ