Menu

Жылдызкан Жолдошова, экс-депутат: «Атымды саясый курал кылууга жол бербейм»

Бөлүшүү:

Күчтүү  оппонент  күчтүү  гана  саясатчы менен саясатта таймашат. Менин  бир  гана  оппонентим бар,  аны  бүт кыргызстандыктар  билесиңер.  Ал  Өмүрбек Текебаев.

Азыркы учурдагы саясый таймашуу  КР президенти  А. Атамбаев жана  Ө.Текебаевдин  ортосундагы таймашуу. Ал эмне менен бүтөт, аны эч ким  айта албайт. Балким  Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү , кыргызча айтканда  табакташтар  тил табышып кайрадан табакташ  болуп калышат, а балким  бири-бирине айтылган  чындыктары  үчүн жаза алышат, аны  бир  гана  убакыт тастыктайт. Мен коомчулукка  айтайын  деген эки  нерсе бар. Биринчиси, апрель-июнь окуялары улуттук трагедиялары. Миңдеген  шейит  кеткен жарандарыбыздын  арбактары  жай таппай  бүгүнкү мезгилге дейре  акыйкат издеп  жүргөнүн  баарыбыз  сезип  турабыз. Ошондуктан   айтаарым,  экөөңөргө тең “абайлагыла “, болуп өткөн трагедиялар  силердин  бири-бириңерден өч  ала турган  курал  эмес.  Президент Ала-Тоо аянтында  жүздөгөн  балдардын,  болгондо да каны төгүлгөн аянтта Манас атабыздын эстелигинин алдында кыргыз үчүн эң  ыйык  25  жыл эгемендүүлүк  улуу, ыйык майрамда  июнь  окуясынын чындыгына чыгам деди. Анда чыгыңыз. Мародерлуктун  бетин ачам дедиңиз, анда ачыңыз. Банктардан, ячейкалардан акча уурдагандардын жүзүн силерге көрсөтүп,  баарын  жазалайм дедиңиз, жазалаңыз аягына дейре  эч ким менен соодалашпай туруп. Албетте эгерде өзүңүз  таза болсоңуз. Анда ушул улуттук трагедиянын чындыгын, акыйкатын мыйзамдуулук  менен аягына чыгарып, экинчи мындай  трагедия өлкөбүздө  кайталанбагандай   аёосуз  жазалаңыз.

Сиз  60 жаш пайгамбар  курагына чыктыңыз. Мына ушул  күн сиз үчүн ыйык, ошондуктан жогорудагы сөздөрдү  сизге  бүгүн айтууну туура көрдүм.  Экинчиси, кийинки  учурда мен айтпаган Текебаев жөнүндөгү сөздөрдү   айтты деп  же болбосо мурунку башка  темага  байланыштуу сөздөрүмдү  кыркып өзүңөргө ыңгайлуу  кылып айрым телевидениелер  аркылуу көрсөтүшкөндөрү,  мен ойлойм, мындай жоруктары  алардын алсыздыгы  деп. Мен Текебаев же Атамбаев болобу, же башка саясатчылар  болобу,  баарына  бирдей  мамиле жасарымды, алар  менен  бетме-бет  гана чындыкты  талашарымды, керек болсо  Текебаевге  да  артынан  бычак сайбашымды коомчулукка  жеткирип  коюуну  чечтим. Ошондой эле саясатка  аралашканыма  көптөгөн  мезгил  өттү, саясатчы катары мен бир да саясатчыны, бир  сөз  менен  айтканда эч кимди  саткан  жокмун.  Бул  да чындык. Менин  сөзүмдүн аягында айтарым,  силердин саясый  таймашыңар  элибизге, өлкөбүзгө  кыпындай да зыян алып  келбеши  керек. Мындан ары  Убактылуу өкмөттүн  бир да мүчөсүнүн  моралдык  укугу жок,  элибиздин  башына  мүшкүл  ишти алып келүүгө.  Ошону менен  бирге  ведомстволор  аралык комиссия бир  гана мыйзам  ченеминде  үч маселе боюнча иликтөө  жүргүзүп каргашалуу окуялардын күнөөкөрлөрүн  таап жазалаган соң өлкөбүз  кийинки  тагдырын  ак  барактан  баштайт  деп  ишенип  туралы.  Ал эми айрым  массалык  маалымат каражаттарына  айтаарым,  Жолдошованын атын кайсы  бир саясый  күчтөрдүн  кызыкчылыгы үчүн  мындан  ары колдонбогула, колдонууга  да жол бербейм.

Булак: “Асман плюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: