Бүгүн, 27-апрелде конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети кезексиз жыйынга чогулуп, анда «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Жогорку Кеӊештин төрагасы кызмат ордуна Исхак Масалиевдин талапкерлигин карап, парламенттин жалпы жыйынына алып чыгуу боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу комитет жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Ал эми буга чейин КСДП, «Ата Мекен», «Кыргызстан», «Республика-Ата Журт» парламенттик фракциялары спикерликке КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин көрсөтүп, тармактык комитет тарабынан жактырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ