Menu

Фото – Сузакта жер көчкү жүрүп, 7 үй жана 2 жаш бала жер астында калды

Бөлүшүү:

Кечээ, 27-апрелдин кечинде, саат 17:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагында Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат жайлоосунда көлөмү 100 миң м3 жер көчкү түшүп, 1 үйдү басып калган. Бул тууралу КР ӨКМинин басма сөз кызматы билдирди.
Саат 18:00 чамасында ошол эле айылдын Башы участкасында 1,600 миң м3 жер көчкү түшүп, 6 турак жайды басып, 2 жаш бала көчкү астында калган. Алардын бирин жергиликтүү тургундар куткарып, экинчи, 14 жашар бала көчкү астынан изделүүдө.
Кырсык болгон жерге Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кардаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын ыкчам тобу жана райондук Жарандык коргоо комиссиясы барышкан.
Издөө иштерине Жалал-Абад шаарынан КР ӨКМнин 58-өрт-куткаруу бөлүмүнүн 4 куткаруучулары барышкан.
Эскерте кетсек, мындан 10 күн мурда КР ӨКМнин адистери, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат жана Башы участкаларында жер көчкү кооптулугу жогоруу экендигин эскертип, жарандарды турак жайлардан көчүрүп чыгарган. Ошондуктан жер көчкү астында калган турак үйлөрдө бир да жаран болгон эмес, ал эми жер көчкү астында калган бала талаада жүргөн.
КР ӨК министри Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен министрдин орун басары Равшан Рысбаев кырсык болгон жерде издөө иштерине жетекчилик кылып жүрөт.
Саат 19:00 чамасында КР ӨКМнин РӨКОнын 2-издөө куткаруу отрядынын 22 куткаруучусу кырсык болгон жерге чыгып кетишкен.
Жер көчкү Сузак 270416 2
Жер көчкү Сузак 270416
Жер көчкү Сузак 270416 3
Жер көчкү Сузак 270416 4
Жер көчкү Сузак 270416 5
Жер көчкү Сузак 270416 6

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: