Menu

28-апрелге белгиленген бийлик менен оппозициянын жолугушуусу кийинкиге жылдырылды

Бөлүшүү:

 

28-апрелде бийлик менен оппозициянын ортосундагы белгиленген жолугушуу кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу экс-акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.

Төмөндө Т.Акундун билдирүүсүн толук беребиз:

Жолугушуунун болбой калышынын негизги себеби камактагы оппозиция өкүлдөрүнүн ушул убакка чейин камактан чыгарылбай жатышы. 2016-жылдын 4-апрелинде Бишкектеги “Парк-Отель” мейманканасында өткөн бийлик менен оппозициянын ортосундагы жолугушуунун натыйжасында бул форматтагы кийинки жолугушууну 28-апрелде өткөрүүнү белгилеген элек. Бирок биз бул пландалган ал жолугушууну кийинки мөөнөткө жылдырууну чечтик. Анткени бийлик менен оппозициянын жолугушуусуна кыргыз бийлиги тиешелүү деңгээлде маани бере алган жок. Өткөндөгү жолугушууда оппозицияга караганда бийлик эң жаман даярдыкта келгендигин белгилейбиз. Бийлик тараптан келген аттуу-баштуу адамдардан бир гана депутат Өмүрбек Текебаев болду. Калгандары элге аттары белгисиз, ээлеген кызматтары да алгылыктуу эмес адамдар гана келишти. Өкмөттүн атынан келген кээ бир чиновниктер оппозиция тарабынан берилген суроолорго компетенттүү жоопторду бере алышпай коюшту. Өкмөттүн атынан жок дегенде бир вице-премьер-министр же бир министр келип койгон жок.

Президенттик аппараттан аппарат жетекчисин айтпаганда да жок дегенде президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары келиш керек эле. Анын ордуна президенттик аппараттын бир бөлүмүнүн башчысынын орун басары гана араң келип катышты. Ошентип оппозиция менен жолушууга бийлик да эч даярданбай, өзүлөрүнүн биримдиги жоктугун билдиришти. Ал эми оппозиция тарабынан жоон топ лидерлер келгени менен «мен оппозициямын» деген бир топтору түрдүү шылтоолорду айтып, жолугушууга келүүдөн баш тартышты. Ошентип бийликте эле эмес «оппозициямын» дегендердин да ортосунда да анча биримдик жок экендигинен кабар берет.

Бийлик менен оппозициянын ортосундагы жолугушуунун кийинкиге жылдырылганынын бир себеби болуп оппозиция тарабынан айтылган сунуштардын аткарылбай жаткандыгы.Алардын бири болуп негизи жок камалган оппозиция өкүлдөрүнүн камактан бошотулушу тууралуу талап болуп саналат. Бул талап ушул убакка чейин аткарылган жок.

Бийлик камакта отурган оппозиция өкүлдөрүн камактан бошотуу боюнча эч кандай аракеттерди көрүүнү да каалабады. Ошондуктан бийлик менен оппозициянын ортосундагы жолугушууну камактагылар бошотулмайынча уюштуруунун эч кандай зарылчылыгы жок. Бийлик өз күнөөсүн ушул убакка чейин мойнуна албай келет.

Бийлик өлкөнүн тынчтыгы жана бейпилдиги үчүн чындап аракет кылса өлкөдөгү алардын ишин сындаган оппозиция менен тил табышып, тиешелүү сүйлөшүүлөрдү уюштуруп турушу керек. Бийлик менен оппозициянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын жолугушуусун уюштурган адамдарга да бийлик сыйлоо менен мамиле жасоосу зарыл эле. Бирок тилеке каршы андай мамилени бийликтен сезбей жатабыз.

Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча конгресстин координатору, Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: