Menu

Марат Тагаев, журналист: “2030-жыл. Бозоргон боз талаа…”

Бөлүшүү:

Жайлоодон кан жолду жээктеп мал айдап келаткан Асан менен Үсөн шам-шум этип алыш үчүн койдун астын торой токтоду. Канжыгага байланган баштыктагы кымыз менен нанды алып, ээрдин үстүндөгү көрпөчөнү жерге жая салып жамбаштай отура кетишти.

“Тээ илгери Шалтурук өкмат турганда ушу жерди кытайга берип жибере жаздаган, билесиңби?”- деп кеп баштады Асан.

“Ооба эсимде, райсентрге митинг кылып араң алып калбадык беле”,- деп күңк этти Үсөн.

“Ыя Асан, бирок ошол лагастикалык сентрди тиги Долондон ашырып Арык-Белге салыптыр, кытай каптап кетпей эле шаар болуптур дейт го?”

– Ким билсин, тиги Абдулла кытай лагастикалык сентр деп алдап жатат, лагерь болот, уйгурлардай кылып камайт дегенден ишенбедикпи?”

– Ии-ине, ал Абдулла жаш кезинде түрмөгө отуруп, чыкпады беле. Абдылда эле болчу дешет…

Күн төбөдөн тийип, чашке маалы…

-Эй Үсөн, тойсоң тур, күүгүм кирип кетелекте сарайга жетип алалы.

-Асан, мындан ары эшекти сен мин, көчүгүм жооруп кетти, жан чыдатпай ачышып жатат.

-Ой неее, келатканда кың дебей эшекти минип келбедимби?! Эми сен мин, акылдуусунбай.

-Асан кандай түшүнбөйсүң, эшек кыдыңдаган сайын ачышып, жаным көзүмө көрүнүп жатат!

-Жоок, андай болбойт. Кел анда мелдешебиз. Тээ кара жолдун боюнан 5 метр алыс туруп кытай камаз өткөндө атырылта сийебиз. Кимибиздин сийдигибиз камазга тийсе ошол атты минет. Сүйлөштүкпү?

-“Анда коё тур”,- деп Үсөн желим бөтөлкөнүн түбүндө калган кымызды шыпкап жута калды.

Карк эткен карга, курк эткен кускун жок боз талааа …

Кан жолдун боюнда шымын тизеге чейин шыпырып алып Кашкардан Арык-Белдеги логистикалык борборго бараткан камазды күтүп эки караан турат…

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: