Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматына ылайык 2016-жылдын 27-апрелинен 1-майга чейин аба ырайынын болжолу:
Бишкек шаарында 27-апрель күнү жаан-чачындын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 10…12°, күндүзгү жогорку температурасы 21…23° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында 27-апрель күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 9…11°, күндүзгү жогорку температурасы 22…24° жылуу болушу күтүлөт.
27-апрель күнү айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
28-29-апрель күндөрү түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
29-апрель күнү күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
30-апрель жана 1-май күнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ