Menu

Казакстанда мамлекеттик органдарга үч жыл автоунаа жана эмерек сатып алууга тыюу салынды

Бөлүшүү:

Казакстандын өкмөтү бюджетти оптималдаштыруу максатында мамлекеттик органдар менен улуттук компанияларга 2023-жылга чейин автоунаа жана эмерек сатып алууга тыюу салды. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы министри «Фейсбуктагы» расмий баракчасы аркылуу кабарлады.

2020-жылы жеңил автоунааларды, атайын жана ыкчам-кызматтык транспортторду, ошондой эле аткаминерлер үчүн эмеректерди сатып алууга бөлүнгөн 532,8 миллиард теңге (1,2 миллиард доллар) COVID-19га каршы күрөшүүгө, пандемиянын кесепеттерин жоюуга, бизнести жана жарандарды колдоого жумшалат.

Мындан тышкары 2021-2025-жылдарга карата макроэкономикалык көрсөткүчтөр кайрадан каралып, 2021-2023-жылдар үчүн бюджеттин эсептери да өзгөртүлдү. Каржы министрлиги бул мезгил ичинде дагы 6,4 триллион теңге (15,6 миллиард доллар) үнөмдөө пландалып жатканын билдирди.

Эл аралык валюта фондунун божомолуна ылайык, 2020-жылы Казакстандын экономикасы 2,5% төмөндөп, баалар 1,7% жогорулайт. Мындан тышкары бюджет таңкыстыгы 3%, жумушсуздук 7,8% көбөйөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: