Menu

Сагынбек мырзанын КСДП лидерлигине шайлануусу күтүлүүдө

Бөлүшүү:

Кечээ чыныгы КСДПчы Сагынбек Абдрахманов билдирүү таратып, өз чындыгын «чак» эттире айтканга үлгүрдү. Эмесе, төмөндө Сагынбек мырзанын билдирүүсүнө көңүлүңөрдү бурмакчыбыз:

«Алмазбек Атамбаев КСДПны пайдаланып, биздин тарыхый жеңиштерибиздин артына жашынганы аз келгенсип, «жолдошторубузду коргойбуз» деп Бакиевдердин «куйруктары» Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовду сүттөн ак кылып көрсөткөнү – болуп көрбөгөндөй наадандык! Биз буга жол бербейбиз. Алмазбек Атамбаевдин биздин накта жолдошторубуздун канын сатып, партиянын күчү менен бийликке келип, бүт убактысын жеке байлык топтоого коротту, бийликти болсо өзүнүн шопур, жансакчыларына жана Исаков сыяктуу шумпайларга тапшырганын баардыгыбыз билебиз. Эмесе, азыркы күндөрү биздин даярдык иштерибиз бүтүп калды. Жакынкы арада кезексиз КСДП съездин өткөзөбүз. Алмазбек Атамбаев партия төрагасы эмес, биздин катарыбызда мүчө болуп калууга да моралдык укугу жок. Он миңдеген партиялаштарыбыздын талабы бүгүн ушул» деди С. Абдрахманов.

Бекбол Айдаров

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: