Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев жана Акылбек Жапаров талапкерлигин койбойт. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыкты.
Алар депутаттыкка талапкерлердин акыркы тизмесине киргизилген эмес.
Буга чейин Facebook социалдык тармагында “Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидерлеринин жанында саясатчылар отурган сүрөт жарыяланган. Саясий бирикменин басма сөз кызматы партиянын 12-августта кезексиз жыйынын өткөргөнүн жазды. Сүрөттө партиянын мүчөлөрү, ошондой эле Каныбек Иманалиев жана Акылбек Жапаров отурушкан.
«Мекеним Кыргызстан» партиясы болсо, депутаттар партиянын саясий кеңешине кирбейт жана анын мүчөлөрү да эмес деп ырасташат.
Эске сала кетсек, БШК талапкерлердин тизмесин каттоого документтерди кабыл алууну аяктады. 10 күндүн ичинде берилген маалымат текшерилет жана 4-сентябрга чейин депутаттыкка талапкерлердин тизмеси катталат.
Үгүт иштери 4-сентябрда башталат.
Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ