—Бир сөз бар да, «Жакшыны айтпай жай, жаманды айтпай жой» деген. Менимче, алардын максаты ажиотаж, сенсация кылуу болду окшойт. Мамлекет бир чара көрөрүн, ошондон кийин уу-дуу сөз болорун билишкен. Балким, кайсы бир деңгээлде максатына жеттиби деп ойлоп жатам. 8-март дегенде биз аялдарга гүл, белек берген, аялзатынын көңүлүн көтөргөн күн катары билчү элек, маанайы жарык күн болчу. Анан эми аялзатынын укугун көчөгө чыгып, кыйкырып кантип коргойбуз, мен ошонун логикасына түшүнө алган жокмун. Өздөрү чыктыбы? Кимдер турат? Бизде адеп деген бар. Кыргыздын «Эркек уулду, аял улутту тарбиялайт» деген макалы бар. Аларды көргөндө, мага жагымдуу таасир калбады. Башкача жол менен аялзатынын укугун коргосок. Биз деле коргойлу, биз деле ошол үчүнбүз. Улуттун салты, менталитети, баалуулуктары бар. Башкачараак жолду тандаса жакшыраак болмок деп эсептейм.
Булак: “Де-факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ