Тажикстанда мамлекеттик бюджеттен каржылана турган Улут көсөмүнүн фонду негизделди.
Мамлекеттик бюджет жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жыл сайын фондго мамлекеттик бюджеттин 0,2% багытталып турат. Быйыл өлкө бюджети 2,5 миллиард долларды (21 миллиард сомони) түзгөнүн эске алсак, анда фонд жыл сайын 4 миллион АКШ долларынан ашык каражат алып турат.
Улут лидеринин фондун түзүү тууралуу өкмөттүн сунушун парламентте юстиция министри Рустам Шохмурод тааныштырды. Фонддун каражаты кайрымдуулук максаттарына жумшалат.
2016-жылы күзүндө тажик парламенти «Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү – Улут көсөмү тууралуу» конституциялык мыйзамды жактырып, Эмомали Рахмон эгемен Тажикстандын негиздөөчүсү деп жарыяланган. Ал мыйзамда ошондой эле «Улут көсөмү» ордени менен сыйлыктарды түзүүгө, Улут көсөмүнүн архивин, музейин жана китепканасын ачуу мүмкүндүгү каралган.
Быйыл февралда Эмомали Рахмон демократиянын өнүгүүсүнө салым кошкондор үчүн мамлекеттик сыйлык негиздеген. «Улут көсөмү – Эмомали Рахмон» деп аталган сыйлык демократиянын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон Тажикстандын жана башка чет өлкөлөрдүн жарандарына берилет.
«Улут көсөмү – Эмомали Рахмон» менен катар акчалай сыйлыктар дагы тапшырылат. Анын суммасы 2500 минималдык эсептик көрсөткүчтү түзүп, бүгүнкү күндө 125 миң сомониге (14 миң доллардан ашык) барабар.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ