Menu

Жалал-Абадда бейбаштык кылгандар коомдук жумушка тартылууда

Бөлүшүү:

8-ноябрдагы бейбаштык уюштурган жарандардын ичинен 13 адам 5 суткага камалып коомдук жумуштарга тартылууда. Мындан сырткары 5 адам 2 айга камакка алынууда. Мындай чечимди Жалал-Абад шаардык соту чыгарды. Бул туурасында Жалал-Абад ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Эскерте кетсек, аларга карата Кылмыш Жаза Кодексинин бейбаштык жана бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү беренелери боюнча айып тагылган.

2017-жылдын 8-ноябрь күнү саат 17:15 чамасында Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында тойдо жоро-жолдоштор болуп жүргөн азият улутундагы жаштары 25-30 чамасындагы мас абалда эркек балдар өздөрүнүн автоунааларында жол коопсуздугун бузушуп, ошондой эле оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүшүп, коомдук тартипти бузушуп, автоунаалары менен жолдон өтүп жаткан автоунааларга ыңгайсыз абал жаратып жаткан учурда,Жалал-Абад ОИИБы боюнча ПМБнүн саптык бөлүгүнүн кызматкерлери барышып, коомдук тартипти сактоону эскерткен учурда алар койгон мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен, аларга каршылык көрсөтүшүп, Жалал-Абад ОИИБы боюнча ПМБнүн саптык бөлүгүнүн кызматкерлерине жардамга келген кызматтык автоунаасын он тараптагы артты көрсөткүч күзгүзүн жана алдынкы капотун уруп талкалап салышып, андан кийин милиция кызматкерлери эскертү иретинде асманга эки жолу ок атканда, тополон жасап жаткан адамдар кылмыштуу аракеттерин токтотушкан.

Бул факты боюнча Жалал-Абад ШИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 234-бер. (бейбаштык) 3-бөл. 3-п., 341-бер.(Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголуп, ар тараптуу толук тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 

Бүгүнкү күндө бул факты боюнча кылмышка шектүү катарында:

 Ноокен районунун орто жашы 25-29 жаштардагы 18 атуул кармалып, 13 адам 5 суткага камалып коомдук жумуштарга тартылууда. Мындан сырткары 5 адам 2 айга камакка алынууда. Мындай чечимди Жалал-Абад шаардык соту чыгарды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: