Ушул жылдын ноябрынан тарта Кашаган долбоору коммерциялык деңгээлге чыгып, суткасына 75 миң баррелден көп мунай өндүрүүгө өттү. Бул тууралуу Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев мажилистеги өкмөттүк саат маалында билдирди.
Министр белгилегендей, 19-ноябрга карата 450 тоннадан ашык мунай өндүрүлгөн, жыл соңуна чейин Кашаганда 1 млн. 100 миң тонна сырьё казуу пландалууда.
Буга чейин Канат Бозумбаев министрлик 2017-жылы Кашаган кенинде төрттөн жети миллион тоннага чейин мунай өндүрүүнү көздөп жатканын айткан.
Кашаган кени Каспий деңизинин Казакстан секторунда жайгашкан. Ал 2000-жылы ачылган, бийлик анда 4,8 миллиард тонна мунай жана триллион куб метр жаратылыш газынын запасы бар экенин билдирген. Кашаган курамына улуттук «КазМунайГаз» компаниясы менен бир канча чет өлкөлүк компаниялар кирген NCOC консорциуму тарабынан иштетилүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ