Menu

Кенжебек Бокоев, “Республика – Ата-Журт” фракциясынан ЖК депутаты: “Президент же депутат болом деген кандидаттардан жогорку билим талап кылынышы керек”

Бөлүшүү:

– Кенжебек Сатымкулович, жакшы бир мыйзам долбоорун сунуштап жаткан экенсиз, анын концепциясын чечмелеп бере аласызбы?

– Мен долбоорду 25-сентябрда каттоого бергем. Кечээ биздин комитетте биринчи окуудан кабыл алынды. Кийинки жумада палатанын кароосуна чыгат.

Бүгүнкү күндө бизде кандай кылмыш болсо да, бир эле жылга соттолгон жаран соттуулугу жоюлуп же алынып салынган күндө да, жөнөкөй участкалык милиционер, МАИчи боло албайт, же болбосо биздин прокуратура, УКМК сыяктуу укук коргоо органдарына өмүр бою ишке кире албайт. УКМКга өзү эмес, ата-энеси камалса да кабыл алынбайт. Анткени, криминал укук коргоо органдарына кирип кетесин деп чек коюлган. Бирок, он жылга соттолгон жаран болсо да соттуулугу алынып салынса, ал президент боло алат. Мына ушул жерде келишпестик бар. Жөнөкөй инспектор болбосун дейбиз, бирок, колбашчы болгонго уруксат берип атабыз. Аларга караганда президент жогору да! Ошон үчүн мен мыйзам долбооруна чек коюп атам: «Президент же парламент депутаты болом деген жарандар оор берене менен, б.а. беш жылдан жогору соттолгон болсо, анда алардын соттуулугу алынып салынганына карабастан, президенттикке, депутаттыкка талапкер болуп чыга албайт» деген чек киргизилүүдө.

Бул биринчиси. Экинчиси, жөнөкөй айыл өкмөтүнүн кызматкери болом деген жаранга жогорку билим талап кылынат. Негизи эле баардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кириш үчүн жогорку билим керек, ансыз албайт жумушка. Шайлана турган кызмат орундардан айыл өкмөтүнүн башчысы же шаар мэри болом десең, анда да жогорку билим талап кылынат. Андан тышкары, эки-үч жылдан кем эмес стаж керек. Ушундай чектөөлөр бар. Бирок, президент же Жогорку Кеңешке депутат болом десең, жогорку билим талап кылынбайт. Стаж да талап кылынбайт. Мына ошон үчүн мен кошумча чектөө киргизип атам. Президент же депутат болом деген кандидаттардан жогорку билим талап кылынышы керек. Жогорку билими жок болсо, анда ал талапкер боло албайт.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: