Menu

Алмамбет Шыкмаматов, ЖКнын депутаты “Жаңы эрежелер балким тергөөчү, милиция, участковый жана сотторго жакпай жаткандыр, бирок жалпы коомдун адамдын укугун коргогон мыйзамдар”

Бөлүшүү:

—Кыргызстанда 1-январдан тартып кылмыш-жаза кодекси, жазык процессуалдык кодекси, жазык-аткаруу кодекси , жоруктар тууралуу кодекс, тартип бузуу жөнүндө кодекс, ошондой эле пробация жөнүндө, мунапыс жөнүндө мыйзамдар күчүнө кирип бирок, талаш тартыштар дагы деле уланып жатат. Сын пикирлердин ичинде эл Жогорку Кеңеш менен Өкмөттөн экономикалык өнүгүүнү күтүп жатса, булар кодекстердин тегерегиндеги түзөтүүлөр менен отурат турбайбы? Бизге бул кодекстердин эмне кереги бар эле деген суроолор берилип жатат. Сиз эмне дээр элеңиз?

—Бул 5 кодекс жана 2 мыйзам жалпы жонунан 7 мыйзам 2012- жыл Европа мамлекеттеринин евросоюздун, европалык парламенттин жардамы менен жазылып баштаган. Эксперттик топ түзүлүп, мамлекеттин соттук-укуктук тармагын реформалоого, тагдырын чечүүгө багытталган 7 мыйзам 2012-жылы жазылып баштап 2017-жылы парламент тарабынан кабыл алынган. 2017-жылы кабыл алынгандан кийин өкмөткө (даярдануу үчүн дагы эки жыл убакыт берилген. Бул убакыт сотторду, прокурорлорду, тергөөчүлөрдү окутууга, коомду даярдоого баардык шарттарды түзүүгө бюджет акча бөлүп 2 жыл мөөнөт берилген. 2019-жылдын 1-январынан баштап жогоруда айтылган 7 бакыйган мыйзам иштеп баштады. Ушул мыйзамдардын концепциясы, максаты адамдын баркын, адамдын укугун, кадырын адамдын коомдогу статусун көтөрө турган мыйзамдар. Мурдагы мыйзамдарда соттолгон адамдардын укугу каралгандай каралган эмес. Мисалы: соттолгон адам биринчи инстанция, экинчи инстанция, үчүнчү инстанция, болуп кайра Жогорку сот үтүр, точка, шылтоо таап, кайра биринчи инстанцияга жиберип ошентип биринчи инстанция менен Жогорку соттун ортосунда иштер «өпөң-чычаң» болуп жүрө берчү. Анын айынан адамдар бир сотка урдап же кошунасы менен жакалаша кетип болор-болбос майда кылмыштар менен СИЗОдо, түрмөлөрдө отура берчү. Мурда укук коргоо органдарында кылмыштын санын эч ким билчү эмес. Кээ бир, кылмыштар катталчы, кээ бир кылмыштар катталчу эмес. Тергөөчү иш козгочу, же козгочу эмес. Адвокаттар, жабырлануучулар дагы ошол процесске катышкан баардык адамдар тергөө эмне болуп жатканын, купуя сыр деп билчү эмес. Азыркы жаңы мыйзамда ушулардын баары жокко чыгарылган. Башкача айтканда СССР ураган постсоветтик системадан жаңы демократиялык жаңы заманбап дүйнөлүк практикада өнүккөн, күчтүү, телегейи тегиз биз суктанган мамлекеттердин практикасынан алынган мыйзамдар.

—Бирок, ошол өнүккөн өлкөлөрдүн баардыгында биринчи ошол адамдын деңгээли жогоруда да. Андан кийин ошол сыяктуу гумандуулук жанагындай соттук-укуктук адилеттүүлүк маселелери ошондон кийин оңдолуп-түзөлүп жатпайбы? Ал эми азыр мына сиздер деле шайлоого аттанар алдында элге жашоо турмушуңарды оңойбуз деп убада бергенсиздер да? Өкмөт болсо 200гө жакын мыйзамды кайра өзгөртүүгө сунуштаганы жатат. 600гө жакын токтом кабыл алынышы керек экен. Ушул кодекс, мыйзамдар толук кандуу иштеп кетиши үчүн. Экономиканы качан өнүктүрүү башталат? Эгер азыр талаш-тартыштардын бардыгы ушуга бурулса, анда элдин жашоо турмушу качан бңолот? -деген суроо берилип жатат.

—Мен парламент баш оту менен эле ушул мыйзамдарга кирип кетип, экономиканы унутуп койду дегенге толугу менен кошулбайм. Андай эмес. Бул ушул айда күн тартибиндеги эң орчундуу маселелердин бири болуп турат. Ал эми экономикалык маселелер парламенттин күн тартибинде ар дайым болгон, боло берет жана болот. Экономика өнүгүүсү үчүн эң биринчи кезекте соттук реформа керек. Сот реформасы болгон жерде, соттор адилеттүү болгон жерде, соттор адамдын кадырын, адамдын укугун сыйлаган мамлекетте, инвестиция көп келет. Инвестицияны өзү келбейт аны адам алып келет. Инвестиция кайсыл мамлекетке келет? Кайсыл мамлекетте мыйзам кынтыксыз иштесе, кайсыл мамлекетте сот реформасы жүрсө, кайсыл мамлекетте милиция, сот, прокурор адамдын укугун «Ормон-опуза» кылып бузуп койбосо, ошол мамлекетке инвестиция келет. Менин ушул жерден укугум корголот. Мен ушул жерден салган акчаларымдын үлүшүн көрөм деп. Ал эми сот укуктук реформа болбогон мамлекетте, мыйзамдар иштебейт, мыйзамдардын кадыры болбойт. Мыйзамдардын куну, баркы, наркы болбойт дагы, ал мамлекетке инвесторлор келбейт. Айланып өтөт. Ошондуктан бул сот реформасына багытталган мыйзамдар. Бирок, тилекке каршы биздин коллегабыз Дастан Бекешов түкүрүк жөнүндөгү өзгөртүү киргизип жиберип жети бакыйган мыйзамдын кадырын «бир кумалак бир карын майды чиритет» – деген дей ошол т үкүрүк жөн үндө бир берене, бир сүйлөмушул баардык жети мыйзамды мамлекеттин беш жылдык эмгегин мындай жокко чыгарбаса да, коомчулукта кызуу талкуу жаратып жиберди. Азыр көптөгөн жарандар бул мыйзамды окубай туруп билгени деле билбегени деле, бул жаман мыйзамдар экен мындан кайталы, бул болбойт экен деп катуу ажиотаж болуп жатат. Эми түкүрүккө мен да макулмун. Аны 5500 сом деген бул туура эмес. Бул боюнча таазим этип элден кечирим сураш керек. Буга парламент жалпы жооптуубуз. Анткени дастан Бекешов сунуш кылган, биз колду көтөрүп колдоп бергенбиз. 5500 деген бул туура эмес. Ал маселе эми чечилди. 5500 сом 1000 сомго же 500 сомго түшөт. Бирок, түкүрбөш керек ага штраф болуш керек деген жалпы ой, тилек концепция туура да. Мисалы коомчулук мурда бизден талап кылып келген да. Качан реформа жүргүзөсүңөр? Качан бизде түрмөлөрдө жеңил кылмыш менен адамдар отурбайт деп. Мисал үчүн азыр жалпы түрмөлөрдө 40 пайыздан ашыгы болор-болбос жеңил кылмыштар менен отурат. Бул эми сотка уурдаган, тоок уурдаган курсагы ачып, бул кошунасын жөөлөп койгон. Бул эки адамдын түртүшүп кеткени, болор-болбос жеңил кылмыштарга жетелеп барып статистика үчүн мына биз баланча кылмышты ачтык, баланчаны соттодук, баланча прокурордук реакция жасады, баланча ишти тергеп бүттүк деп статистиканы кубалап адамдардын баардыгын түрмөгө алып барып камай берген. Ал жерге жалаң карапайым адамдар туш келчү. Болор-болбос кылмыштарга. Алар түрмөгө кирип 5- 6 жыл отуруп чыкканда оңолуп чыгабы? Жок. Кылмышты адамдар жаш кезинде кылат, статистика илим боюнча, анализ боюнча. Ошол жаш кезинде бир айып кетирип, курсагы ачып кошунасынын тоогун уурдап жеп алса, аны мамлекет беш жылга түрмөгө камап койсо, беш жылдан кийин ал эмне болуп чыгат? Ал даяр кылмышкер болуп чыгат дагы, керек болсо бир короо кой, бир короо уйду уурдап кетиши мүмкүн да. Рецидив деп атайт кайталанма кылмыштарды. Ошондуктан бул мыйзамдар гуманизацияга, башкача айтканда мамлекет ошол түрмөгө камабастан, эркинен ажыратпастан штраф менен гана тарбиялайлы деген мыйзам. Эгерде , кийин ал оңолбой кайра кылмыш кылса, анда жазасы оор болот. Жалпы Европа, Япония, Түштүк Корея мына Монголия өтүп жатат азыр бул системаларга. Прибалтиканы айтпай эле койсом дагы, Украина, Грузия, Армения өтүп жатат. Бул мыйзамдарга, реформаларга баардыгы барып жатат. Жалпы цивилдүү адамдын баркын, наркын көтөргөн мамлекеттердин баары бул мыйзамдарга эбак өткөн. Эмне үчүн биз азыр өтпөшүбүз керек. Бул бир. Экинчиден, азыр укук коргоо органдарынын өзүндө ажиотаж болуп жатат. Анткени, бул укук коргоо органдарына, практиктерге жакпай жатат. Мунун эки жагдайы бар. Биринчиси психологиялык жагдай. Жаңы нерсеге, жаңы үйгө киргенде деле адам кооптонот. Баягы, билесиңерби «Москвичтен» «Мерседеске» отурган жылдары, «Мерседестин» не кереги бар? Оңдой албайбыз. «Москвич» эле жакшы деп. Ошол сыяктуу жаңы нерсеге дайым ушундай. Машинка бар эле го? Ошондо да компьютерге араң өтүшкөн. Кокуй, компьютер жаман экен, өчүп калат экен дешип. Өзүбүздүн эле баягы машинкабыз сонун болчу деп. Анысы сыңарындай бул мыйзамдарга да көнбөй, адаптация болбой жатат. Саботаж жүрүп жатат. Мурунку эле сонун болчу. Алып келип каалаганыбызды дүпүлдөтүп сабап моюнуна алдырып сотко өткөрүп ийчү эле деп. Соттор айтып жатат, алып туруп эле кесип жиберчү элек деп жаңы эрежелерге көнгүсү келбей жатат. Бирок жаңы эрежелер, балким тергөөчү, милиция, участковый сотторго жакпай жаткандыр, бирок жалпы коомдун, адамдын укугун коргогон мыйзамдар. Ал эми күч органдары, акыры жүрүп көнөт, моюн сунат жана ушул мыйзамдар менен иштейт. Мурдагы мыйзамдарда бир кылмыш боюнча: баланча жылдан, баланча жылга чейин деп койчу. Сот каалаганын пайдаланчы. Кааласам муну, кааласам тигини деп. Жаңы мыйзамда баарын категорияларга бөлүп койгон. Диспозиция анан санкция деген бар. Диспозициясында кайсыл кылмышка, кайсыл категория колдонулат экени жазылган. Башкача айтканда соттор каалаганын кыла албайт. Андыктан бул мыйзамдар жалпы укуктук-соттук реформага багытталган жакшы мыйзамдар. Мен муну юрист катары, саясатчы катары, практик катары толук кандуу жоопкерчиликти алып айта алам. Бирок, жана мен башында айтып кеткендей, сынды мына мен өзүм да айтып жүрөм, бүгүн да айттым көп жеринде бир моменттер бар. Алар биздин эркибизде, биз аларды оңдой алабыз. Биз алардын үстүндө иштеп жатабыз. Эки этап менен оңдойлу деп. Буйруса булар оңдолот анан иштеп баштайт. Иштегенде көрөсүңөр. Бул мыйзамдар жалпы адамдардын укугуна багытталган мыйзамдар экенин.

—Бирок, коомчулук буга кантип ишенет? Мисалы: сиз айтып жатпайсызбы? «Москвичти» адап жүргөн, анан жаңы машинага өттү деп. Мурдагы мыйзамды колдонуучулар милиция, сот тармагында иштегендер «Москвичти» деле жакшы «айдачу» эмес да? Мурдагы мыйзамдарды деле толук аткарбай мыйзамсыздык маселеси бар эле да. Анан эми кантип жаңы мыйзам тез арада адамдардын жашоо турмушуна оң таасирин берип жиберет?

—Абдан туура суроону айттың. Мурдагы мыйзамдарда деле таарынычыбыз бар болчу да, туурабы? Бизде азыр эгерде илимий текшерүү жүргүзсөк, бүгүнкү күнү чын эле сотторго ишенбейт, милицияга ишенбейт. Же ишенеби? Ишенбейт да? Ошол ишенбөөчүлүктү жаратып келген мурдагы кодекстер да. Эми суроо: ушул эле мыйзамдар кабыл алынса ишенич жаралабы? «Көч бара-бара түзөлөт». Бул мыйзамдар кабыл алынса мурдагыдай оркойгон кемчиликтер болбойт. Өкмөткө айттык, бири-бирибизди күнөөлөбөй силер кабыл алдыңар, силер жаздыңар, эксперттер силер кылып койдуңар дебей, күнөөлүүнү издебей кантип түзүлүп калган жагдайларды оңдойбуз? Түкүрүк сыяктуу нерселерди жокко чыгаралы деп биз, акылдашып жатабыз. Бирок, мен дагы бир жолу айтарым коомчулукта болуп жаткан бүгүнкү ажиотаж, баарыбызды интернет башкарып жатканда интернетте кокуй бул мыйзамдар начар деген, биринчиден делитанттар айтып жатат. Муну окуп, ачып көрбөгөндөр айтып жатат. Анткени калптарды айтып жатпайбы? Кой уурдаганы үчүн үч миң штраф экен деп.

—Өзүңүз окудуңуз беле?

—Эми мен өзүм юрист болсом окуйм да, окудум.

—Айтсаңыз, азыр эми талаш-тартыштардын шарданы менен кайрадан баягы эски нормалар кирип, кайрадан ошол жаңы нормаларды, жаңы эрежелерди колдонууну каалабаган тараптардын басымы менен артка кетенчиктөө болуп калуусу ыктымалбы? Ошол реформалар?

—Ушундай сунуштар болуп жатат. Бул мыйзамдарга дагы бир эки жыл мораторий берели, бул мыйзамдар тура турсун. Эски эле мыйзамдар иштеп турсун, бир эки жылга чейин деп. Баягы саботаж кылган күчтөр бар. Биз ошолорго каршы чыккандардын активдүүсү менмин. Андай болбош керек. Биз бул мыйзамдарды иштетип баарыбыз көнүшүбүз керек. Анткени сиз ишенесизби? Ушул мыйзамдарды жаман ой менен делитанттар жазган деп? Жок, эң мыкты деген «Алыбек алына жараша да» Кыргызстанда ким мыкты болсо, мен мыкты деген өзүбүздүн эле, профессорлор, практиктер, теоретиктер, соттор, прокурорлор, тергөөчүлөр, мугалимдер, окумуштуулар катышып жазылган мыйзам. 2000ге жакын талкуу өткөн, окуу өткөн. Дүйнөнү барып кыдырып келишкен. Ал жакта ушундай иштейт экен деп. Ошентип жазылган мыйзамдар да жакшылык тилек менен. Бирок, мен жана башында айткандай, практика башка реалдуу турмуш башка, дал келбестиктер бар, ошолорду оңдойлу. Эми убактың жетпей калат, эгер мен баарын санап берсем. Мисалы: өтө эле гумандуу болуп кетиптирбиз. Мисалы: жанагы роддомдо төрөлгөн баланы алмаштырып койсо, врачты жазалаш керек да. Ошонун штраф анан 2 жылдан 5 жылга чейин деп койгон экен. Мен мисалы кечээ ошого пикиримди айттым. Штрафты алалы. Роддомдо баланы алмаштырып койсо, ошого кантип штраф кыласыңар? Бул ырайымсыз, мыкаачы, ташбоордук жосун да. Кара өзгөйлүк менен баланы алмаштырып коюу. Ошондуктан анын жазасын жогорулаталы деп айттым. Бул жанагы мен айтып жаткан, алты айдын ичин де оңдоп чыгалы деген маселелерге кирет.

—Көптөр ушул кодекстерди окуп, кармап көрбөй эле талаш-талкууларга кирип адды окшойт.

—Мен эми муну айтып жатпайынбы 7 мыйзам бар деп. Анан түкүрүк деген бул жерде бир эле сөз да. Ошону түкүрүк эле түкүрүк, түкүрүк эле түкүрүк деп жатып калдык…

—Ооба, анан ошол талаш талкууларга чынында эле элге жеткиликтүү болушу үчүн, жөнөкөй атуулдар бул кодекстерди кай жактан таап окуп, өздөрүнүн үнүн кошсо болот?

—Эми аны билбейм, өкмөттөн сураш керек. Бул мыйзамдар эми сатыкта болсо керек. Окуу жайларда болсо керек. Азыр ар бир адамда интернет бар. Интернетке мунун баардыгы эле чыккан. Жогорку Кеңештин сайтында бар. Интернетте бар. Минюсттун сайтында бар. А эгер мен китептей окуйм. Интернетти окубайм десе, анда сатыкта бар болушу керек. Кечээ Акылбек Жапаров сунуш кылды бюджет акча бөлүп берип, көптөгөн тираж чыгарып элге, айыл өкмөттөргө баарына тараткыла деп. Акчасын айтып жатат. Канча акча кетти? – деп. Мына эл-журтка айтып коюш керек, мамлекеттен бир тыйын, сокур тыйын кеткен эмес. Баардыгын Евросоюз, Евро парламент алар гумандуулук менен өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге жардам берели деп, жалпы жонунан 25 миллион доллар бөлүп берген. Мыйзамга эле 25 миллион доллар кеткен жок, бул жалпы чоң иш чараларга Европа акча бөлүп берген. Ал акча бекер грант түрүндө келген. Жана ал акчалардын бир тыйынына чейин, Кыргызстандагы Евро союздун өкүлчүлүгү ошолор өздөрү баарын короткон. Кай жакка кетти? Сотторду окуткан, баарын окуткан, Европага алып барып көрсөтүп келген. Адаптация кылган. Айтор, толтура иш чара. Анын баардыгын ошол айтып жатпайбы, кана ким кылды? Кайсыл адам кылды? -деп. Жок, аны Европа берген Европанын өкүлчүлүгү өздөрү кыргыздарга бир тыйын карматпай өздөрү ысыраптаган. Биз, болгону азыр ошол мыйзамдардын убайын гана көрүшүбүз керек. Ошондуктан акча маселесине келгенде, ушундай.

—Бирок эми ушуга байланыштуу дагы бир кызыктуу жагдай да. Бешинч ичакырылыштын депутаттары, ушул кодекстерди даярдоого катышкан экен. Андан кий алтынчы чакырылыш болсо кабыл алыптыр, 2017-жылы. Мындан мурдагы өкмөттөр иштөөгө катышкан экен. Ошондой эле мына, Европа биримдиги каржылаган экен. Андай болсо автору ким? Ким ушул кодекстер бизге керек деп демилге кылган?

—Автору эл, автору элдин тилеги, автору элдин талабы, мүдөөсү. Укуктук-соттук реформа кылгыла. Адамдын укугун сактагыла. Мыйзамды катуу орноткула. Бейкүнөө адамдарды камабагыла, сотторду реформа кылгыла деген талап кылган буйрутма берүүчү эл. Ал эми, кабыл алган парламент, биз. Бул жерден бирөөгө шылтай салыш туура эмес. Сенин, менин, жалпыбыздын келечегибизге багытталган мыйзамдар.

—Ошондой болсо дагы биринчи жыл жалаң талаш-тартыш талкуулар менен өтөт окшойт. Эл ошол жаңы мыйзамдын пайдасын, өзүнө тие турган оң жактарын качан сезе баштайт?

—Буга эми албетте убакыт керек. Мен ойлойм, 6 ай ,1 жылда өзүнүн алгачкы жемиштерин бере баштайт. Эми аны практиктер айтат. Анан дагы бир маселе, реформанын өзүнүн тагдыры ошондой болот. Англия эмне деген мамлекет? Ошол жерде дагы фискалдык саясаттар, арак чыгарган спирт жагын реформа кылганда, элдер митингге чыгып ары бери марш жасап Премьер-Министр туура эмес кылып жатат. Вискиден налогду алгыла. Вискиге налогду койбогула! Биз виски ичебиз деп азыр ошол мыйзамга рахмат айтып ошол мыйзам Англиянын экономикасын оңдоп жатат. Мына азыр биз көрөбүз кайсыл жерде профсоюздар чыгат, тигил чыгат бул чыгат. Башкача айтканда коомчулук кээде кайсыл бир мыйзамдарга каршы чыгат. Анын аркасында башка саясий күчтөр турушу мүмкүн. Бул өкмөттү жаман көрсөтөлү, бизге ишенгиле деп артынан миңдеген элдерди алып чыгып бул өкмөт болбой калды, булар туура эмес реформа кылып жатат деп. Мына, кечээ Францияда болду. Баардык жерде реформага кандайдыр бир каршы чыккан күчтөр болот. Ал күчтөрдүн аркасында кээ бирөөлөр ишенип, кээ бирөөлөр баёо сезим менен, кээ бирлер билип туруп билмексенге салып баягы дүрбөлөңгө салган да күчтөр болот. Бирок, мамлекет жоопкерчиликти моюнуна алган адекваттуу адамдар андай провокацияларга берилбейт экендигин айтышыбыз керек. Бул мыйзамдар иштеш керек. Бул реформаны иш жүзүнө ашырыш керек. Көзүң жетип туруп, кантип саботажга жол беребиз? Мисал үчүн мен көп адамдар менен талкууладым. Ушул мыйзамдарга каршымын дегендер менен. Айтып берчи десем бирөөсу айта албай койду. Жоок, жаман. Жоок силер көчүрүп алгансыңар. Жоок силерге Европа көчүрүп берип койду. Биз суктансак уялбай эле суктанабыз. Ал жакта момундай экен. Сонун экен. Укмуш ай, укмуш деп. Ошондой кылалы десек эле жо-ок силер ээрчип кеттиңер аларды деп. А кимди ээрчийли анда? Кай жакты ээрчийли?

—Коомчулуктун бул жерде жанагы чиновниктерге, саясатчыларга, депутаттарга карата ишеними тууралуу дагы сөз болуп жатса керек. Мына том-том китептерди жазып койдуңуздар. Эми аткара турган адамдарга болгон ишенимди кантип алып келебиз? Кантип коом ошол сотторго, саясатчыларга, мамлекеттик кызматкерлерге ишенип ушул мыйзамдарды так аткарат деген ишеним пайда болуп, колдоого алат?

-Бул тынымсыз аракет, бул тынымсыз күрөш, бул тынымсыз мээнет. Күнүнө эртеден кечке ар бир адам бир арбай согобу? Ошол сыяктуу бул эмгек, бул тынымсыз күрөш. Биз муну каалап эле, тигини каалап эле боло бербейт. Күнүгө парламент өз иши, министрлер өз ишин, президент өз ишин, баардыгы өз ишин тынымсыз кыла бериши керек. Бир тилек менен, бир гана максат менен. Бакубат жашоо, күчтүү мамлекет, телегейи тегиз коом, аң сезими күчтүү эл. Ошондой идеалдуу коом курууга баардыгыбыз деңгээлибизге жараша, билимибизге жараша мээнетибизди күнүгө согушубуз керек. Күнүгө, бир да мүнөткө токтобостон. Ошондо жанагы сиз айткан максатка улам-улам жакындай беребиз. Эмне үчүн мен бул мыйзамдарга ишенем? Анткени биз суктанып жаткан Европа, Япония, Түштүк Корея дейли, Европа мамлекеттери дейли, ар бир адамдын айлыгы 5 миң еврого чейин жеткен. Пенсияга дүйнөнү кыдырып жашаган мамлекеттер деп айтып жатабыз да. Мына Германиянын пенсионерлери пенсиясына дүйнөнү кыдырышат. Нефтиси жок, алтыны жок Германия эмнеси менен, тартип менен, анан адамдардын потенциалы менен ошондой коом курду да. Ошондуктан, биз күчтүү мамлекет курууга багытталганга шартыбыз бар. Анткени бизде тээтиги Манас Атадан бери келе жаткан, байыртан бери келе жаткан каныбызда, жүрөгүбүздө ыйманыбызда ушул эрежелер бар. Адамгерчилик, боорукердик, кайрымдуулук, бир туугандык, боордоштук, айкөлдүк, кечиримдүүлүк деген нерсенин баардыгы бар. Болгону ошол мыйзамдар биздин менталитетибизге, каныбыздагы, жаныбыздагы, сиңген нерселер буларга төп келет. Тескерисинче, Европада, биз суктанган скандинав – викингдер алар. Аларда биздегидей ыйман илгери болгон эмес. Бирок алар жүз жылдап элүү жылдап оңолушту. Ушул мыйзамдарды алар элүү жыл мурун, жүз жыл мурун кабыл алышкан. Ошондон бери келип жанагындай коом курду.

Маектешкен: Камчы Кадыров

Булак: «Жаңы Ордо»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: