КР Каржы полициясынын начальниги Бакир Таиров менен анын орун басары Эмил Жамгырчиев мекемедеги 44 офицерди штаттан чыгарып, кадрлар бөлүмүнүн карамагына өткөрүп, бирок алардын ордуна “тымызын аукцион” менен жаңы кызматкерлерди ала баштаган. Бул тууралу кызматтарынан бошогон офицерлердин адвокаты Майрамбек Жумабеков билдирүү таратты.
Бакир Таиров жана Эмил Жамгырчиевдин буйругу менен бул “кызматтан алынган” офицерлерди Каржы полициясынын имаратына киргизбей да коюшкан. Алар жазган катка жооп да болгон эмес. Аргасыздан 16 офицер сотко арыз жазышып, адвокат Майрамбек Жумабековдун жана башка жактоочулардын жардамы менен өз укуктарын коргоого даярданышууда.
Адвокат Майрамбек Жумабековдун айтымында, Каржы полициясынын офицерлерин кызматтарынан бошотуп, кадрлар бөлүмүнүн карамагына өткөрүү тууралу буйрукта бошотуунун себептери жана негиздемеси көрсөтүлбөгөн. Азыр алардын арыздарын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту карап баштады.
Ошондой эле жапа чеккен офицерлер КР Коопсуздук Кеңеши, Генпрокуратура жана УКМКнын адистеринен турган комиссия түзүп, бул жаңжалды калыс карап берүүнү өтүнүшүүдө.
Ал эми Каржы полициясы өзүнүн мурунку офицерлеринин арызын негизсиз деп эсептеп, билдирүү таратты. “2018-жылы 13-декабрда Каржы полициясын оптимизация кылуу максатында 44 офицер Кадрлар бөлүмүнүн карамагына өткөрүлгөн. Бул кызматтан бошотуу эмес, айрымдарын кайра кызматтарына кайтарып алдык. Мунун баары мыйзамдуу болгон. Айрымдары өздөрү кайра келбей коюшту”, – деп айтылат билдирүүдө.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ