Menu

“Кумтөр” – кылым аферасы! же “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндөгү Макулдашууну денансациялоо жөнүндөгү КРнын мыйзам долбооруна негиздеме

Бөлүшүү:

Улукбек Маматаев, аталган мыйзам долбоору боюнча демилгечи топтун төрагасы:

Жалпы кыргыз элине белгилүү болгондой, 24-ноябрда Бишкекте болуп өткөн Элдик курултайда бир топ маанилүү маселелердин катарында “Кумтөр” маселеси да талкууга алынган болчу. Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери кыргыз элинин кызыкчылыгына эмес, канадалык инвесторлордун жана бир ууч биздин чиновниктердин байышына гана шарт түзүп келе жаткан “Кумтөр” боюнча келишимди денонсациялоо учурдун башкы маселеси экендигин курултайдын катышуучулары таасын белгилеп, бул багытта мыйзам долбоору даярдалды. Биз буга чейин да Конституцияда көрсөтүлгөндөй, аталган багыттагы мыйзам долбоорун 10 миң адамдын колун топтоп парламентке жөнөткөндө бут тосуп, карабай коюшкан. Эми, Элдик курултайдын чечимин аткаруу максатында кайрадан бул багытта мыйзам долбоорун демилгеледик, жакында кайра башынан кол топтоп, кароого киргизүү ниетиндебиз. Ошондуктан, “Майдан” гезити аркылуу аталган мыйзам долбоорун жана ага негиздемени сиздерге сунуштап турабыз. Кайдыгер карабай, активдүү колдоп берет деп ишенебиз.

2010-жылдын 27-июнундагы бүткүл элдик добуш берүүдө (референдумда) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Консти-туциясына ылайык, Кыргызстандын эли мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы жана эгемендүүлүгүнүн ээси (2-6.) катары, КР жарандары мыйзамдарды талкуулоого (52-6., п.1, пп. 1) жана 10 миң шайлоочунун демилгеси менен Кыргыз Республикасында мыйзамдарды Жогорку Кеңешке киргизүүгө укуктуу (79-6.,п. 1).

– КРнын ХII-чакырылышындагы парламенти жана КРнын 5-чакырылышындагы Жогорку Кеңеш түзгөн депутаттык комиссиялары жана атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын Кумтөр долбоорун ишке ашыруудагы экономикага жана Кыргызстандын айлана-чөйрөсүнө орду толгуз зыян алып келген (250 млрд сомдон ашуун) фактылар белгиленгенин:

– Кумтөр долбоору акыркы эки ыңкылаптын (март 2005-ж., апрель 2010-ж.) эң башкы талаптарынан болгонун; Кыргыз Республикасынын баардык чакырылыштагы парламенттерде бул маселе мамлекетти өнүктүрүүдөгү башкы тагдыр чечүүчү маселе катары каралгандыгын, алардын арасында азыркы 6-чакырылыштагы ЖКнын 60% депутаттары болгондугун бирок азыркы күнгө чейин бул маселени Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн чечүүгө аракеттер болбогондугун белгилеп;

– Ушул жылдары Жети-Өгүз районунун Барскоон, Саруу, Оргочор ж.б. айылдарында эл көтөрүлүп, нечендеген курултайлар өткөрүлүп бийликтен аталган макулдашууну денонсациялоо талап кылынганын эске элып:

– 2012-жылдын 1-декабрында “Эл үнү” саясий кыймылына бириккен мекенчил күчтөрүнүн жыйынынын чечими менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-6. 1-п ылайык демилгечи топ түзүлүп, элдик демилге менен мыйзам долбоору даярдалганын, ал Кыргыз Ре-публикасынын Юстиция министрлигинен кат-тоодон өтүп, №1 күбөлүккө ээ болуп, 10 миңден ашык шайлоочулардын кол тамгалары менен Жогорку Кеңешке 2013-жылдын 3-апрелинде киргизилген. Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт”, “Республика” фракциялары тарабынан расмий каралып, жактырылганы менен, калган фракциялар (СДПК, Ата-Мекен, Ар-Намыс) тарабынан каралбай, “кол топтоолор мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөн” деген шылтоо менен 2013-жылдын 10-октябрында Жогорку Кеңеш аны артка кайтарганын:

– 2018-жылдын 24-ноябрында 47 коомдук-саясий жана мекенчил уюмдардын биргелешип өткөргөн курултайында “Кумтөр” алтын кени ж.б. кен-байлыктар боюнча маселелер негизги маселе катары кайрадан көтөрүлгөнүн: 47 саясий-коомдук жана мекенчил уюмдар өткөргөн курултайдын чечимин колдоо жана аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана башка мыйзамдарда бекитилген жарандардын мыйзам чыгаруу укугун (элдик демилге) пайдаланып, демилгечи топ түзүлүп, алар тарабынан Кумтөр долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндөгү 2009-жылдын 30-апрелиндеги №142-сандуу Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен ратификацияланган макулдашууну денонсациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын ушул мыйзам долбоору даярдалган.

1. Кумтөр алтын долбоорунун жана анын тарыхынын кыскача таржымалы

Кумтөр алтын кени Ысык-Көл облусунун Жеты-Өгүз районунда деңиз деңгээлинен 3600-4400 м бийиктикте Кумтөр дарыясынын баштапкы бассейинде жайгашкан, алтындын корунун көлөмү боюнча дуйнөдө жетинчи орунда турат. Кендин кору (запасы): алтын – 953 тонна, күмүш 388,6 тонна, вольфрам – 55,8 тонна, теллура -6858 тонна жана башка кен байлыктары (платина, полладий, иридий) бар. Геологиялык чалгындоо иштери Совет доорунун 1920-1970-жылдары башталган. чыгымдарынын көлөмү 35 млн. советтик рублди түзгөн (38,7 млн. АКШ долл.)  Эгемендүү Кыргызстандын Өкмөтү Кумтөрдү өздөштүрүү  иштерин 1991-жылдары баштаган. «Англо Америкэн» (ЮАР), «Ньюмонт» (АКШ), «Грайнберг Продакшн Корпорейшн» (АКШ), «Моррисон энд Кнудсен» (АКШ), «БМТ» (Турция), «Камеко Корпорейшн» (Канада) компанияларынын сунуштары каралган. Аталган компаниялар түшкөн кирешелердин 2/3 бөлүгү Кыргызстанга тийешелүү боло турган шарттарга макул болушкан. Бирок Кыргызстандын өкмөтү, мурун эч качан алтын кен казуу иштери менен алектенбеген, уран өндүрүшү менен гана иштеген Канаданын “Камеко” кампаниясы …тендерди утуп алды деп жарыя кылган. Бийлик бул чечимин, компания объектилеринин курулушуна 45 млн. АКШ долларын, Ысык-Көл облусунун социалдык өнүгүүсүнө 1 млн. АКШ долларын кайтарымсыз инвестициялоого макул болгондугу менен түшүндүргөн.

Кумтор долбоору боюнча Генералдык Макулдашуулар 1992-жылдын 4-декабрында Торонто шаарында (Канада) түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын атынан премьер-министр Т.Чынгышев жана өнөр жай министри Э.Өмүралиев, канадалыктар тарабынан – “Камеконун” президенти Эндрю Льюис кол коюшкан.

2003-жылдын 31-декабрында Кумтор долбоорун реструктуризациялоо тууралуу жаңы Макулдашууга кол коюлган жана жыйынтыгында эл аралык, «Центерра Голд Инк» деп аталган ачык коом түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын атынан премьер-министр Н.Танаев жана «Кыргызалтын» ААКпрезиденти К.Кудайбергеновдор кол коюшкан.

Реструктуризациялоонун башкы себеби, долбоордон түшкөн коррупциялык кирешелердин булактарын, каражаттарды ар түрдүү акционердик жана башка компаниялардын жардамы менен эл аралык акча чайкоо практикасын колдонуп жашыруу муктаждыгы болгон, ошондой эле, долбоордун башкарылышын кыргыз тарапка өткөрүп берүү мөөнөтү жакындап калганына байланыштуу, мындан ары дагы пайда табуу жолдорун, каржылык жана өндүрүш ишмердүүлүгүн толугу менен көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгүн болгон.

2009-жылы Кумтор долбоору боюнча бардык макулдашуулар кайрадан каралып чыккан жана 2009-жылдын 24-апрелинде Кумтөр долбоору боюнча Жаңы шарттар жөнүндө Макулдашуу түзүлгөн. Ал Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-апрелиндеги №142-мыйзамы менен ратификацияланган. Кыргыз тарабынан премьер-министр И.Чудинов, “Кыргызалтын” концернинин президенти А.Джакыпов кол коюшкан. Азыркы күнгө чейин иштеп жаткан бул макулдашуунун шарттарына ылайык эми Кумтөр коррупциясына Жогорку Кеңеш, Конституциялык сот ж.б. бүткүл мамлекеттин саясий системасы аралашкан.

Жергиликтүү жана чет элдик эксперттердин чыгарган тыянактарында Кумтөр боюнча 1992-жылдан бери түзүлгөн баардык парламенттик жана мамлекеттик комиссиялардын отчетторунда бул макулдашуулардын шарттары коррупциялык, адилетсиз жана Кыргызстан үчүн көз карандылыкка алып келүүчү жагдайлар болгон деп белгиленген.

2. Мамлекеттик жогорку саясий жетекчилигинин (А. Акаев, К. Бакиев, А. Атамбаев, премьер-министрлер, Кыргыз республикасынын Өкмөт мүчөлөрү жана башка кызмат адамдардын) катышуусу менен Кумтөр долбоорун ишке ашырууда түзүлгөн коррупциялык схемалар.

а). Макулдашууларды түзүү учурунда:

– Кыргызстандын 1-Президенти А. Акаевдин демилгеси менен алтын, руда кендерин өздөштүрүү боюнча бүткүл укукту Б. Бирштейнге берүү үчүн “пайдалуу кендерди өздөштүрүү жана республиканын тоо-кен тармагын өнүктүрүү максатында”- деп 1992-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен (Т.Чынгышев) «Кыргызалтын» мамконцеринин (Кыдыров), «Кыргызстан» англокорпорациясынын (С.Айтматов) жана «Сиабеко» компаниясынын (Б. Бирштейн) ортосунда биргелешип иштөө жөнүндө контракт түзүлгөн. 1991-жылдын 2-декабрындагы Акаевдин №340-жарлыгы менен «Кыргызстан-Сиабеко» аттуу мамлекеттик-жеке компания түзүлгөн. Ушул жарлыктын 2-пункту менен А. Акаев экономиканы кайра түзүмдөштүрүү (реконструкциялоо) жана өнүктүрүү боюнча Президенттин алдында атайын комитет түзүп, досу Б. Бирштейнди аталган комитеттин жетекчилигине дайындайт. Президент А. Акаевдин 1991-жылдын 3-октябрындагы №VII-340 сандуу жарлыгына ылайык, республиканын алтын рудалуу кендерин өздөштүрүү үчүн чет өлкө фирмаларын тартуу жалгыз “Сиабеко” фирмасы аркылуу гана ашырылышы бекитилген. Ошентип “Сиабеко” фирмасынын (Б.Бирштейндин) түздөн-түз көмөгү менен “Кумтөр” алтын кенин биргелешип өздөштүрүү үчүн Кыргыз Өкмөтү менен Канадалык “Камеко Корпорейшн” корпорациясынын ортосундагы 1992-жылдын 4-декабрындагы Башкы келишим пайда болгон.

Жогорку Кеңештин стеннограммасында сакталган маалыматтарга караганда, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Башкы макулдашуунун негизги шарттарынын бири катары өндүрүлгөн товардык продукцияны (алтынды ж.б.) бөлүштүрүү каралган. Бирок, башкы макулдашууга кол коюлганда эмнегедир, ушул күнгө чейин такталбаган себептер менен өндүрүлгөн продукция эмес, алынган таза киреше бөлүштүрүлө турган болуп калган.

– Кыргыз тарап үчүн долбоордун жараксыздыгынын, эң башкысы, – бул металлды эмес, дивидендди бөлүшүү жана кыргыз тараптын «Кумтөр Голд Компани» ишканасын башкаруу чөйрөсүнөн четте калуусу болгон. Башкы Макулдашууга ылайык, кен аймактарын өнүктүрүү жана каржылык иш-чаралары толугу менен «Камеконун» туунду компаниясына – «Кумтөр Оперейтинг Компаниге» берилгени болуп эсептелет.

– Инвесторду тандап алууда ачык, калыс конкурс өткөрүлбөгөн. Муну ишке ашырууну Президент Акаев чет элдин жараны Б. Бирштейнге тапшырган.

– Совет доорунда геологиялык чалгындоолорго кеткен 38,9 млн. АКШ доллар көлөмүндөгү чыгашалардын ордун толтуруу каралган эмес;

– келишимдер, кошумча пайдалуу кендерди (вольфрам, теллур, палладий, сера ж.б.) эсепке албастан, алтын кенин казып алуу үчүн гана жасалган;

– концессиялык макулдашуу ошол кезде күчүндө турган Консенсиялар жөнүндөгү мыйзамды одоно бузуу менен түзүлгөн. Т.а. конценсиялар үчүн тикелей төлөмдөр, анын өлчөмү, шарттары, тартиби, ижара акысы, ж.б. кыйыр төлөмдөр көрсөтүлбөгөн. Объекттин баалоо шарттары, концессиянын наркына кошумча пайдалуу казындылардын баасы камтылган эмес. Макулдашуунун шарттары боюнча “Кумтөр Голд Компани” орток ишканасы Кумтөр кенинин жер участкасына ээлик кылып калган, мыйзамдын талабына ылайык жер участкасы ижара шартында гана берилиши мүмкүн;

– Башкы макулдашууга ылайык “Камеко” КРнын мыйзамдарында белгиленген баардык салыктык жана бажылык чегерүүлөрдөн бошотулган, бул ыйгарым укук Жогорку Кеңешке гана таандык болгон.

– “Кыргызалтындын” чоңдорунун көз жумдулугунан же кызыктар болгондугунан ТЭНдин баасы 176,6 млн АКШ долларында ашыкча бааланган.

-даярдоо жана курулуш-монтаждоо иштери жумушчу документтерин иштеп чыгуу бекигенге чейин эле ишке ашырылган;

б) 2003-жылдын 31-декабрындагы Кумтөр долбоорун кайра түзүмдөштүрүү (реструктуризациялоо) тууралуу макулдашууга кол коюунун жыйынтыгында «Центерра Голд Инк» компаниясы түзүлгөн.

КРнын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 31-декабрындагы №835 Токтомуна ылайык кабыл алган иш-чаралары, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы болоору, төмөнкү себептерден улам белгиленген:

– Центерра Голд өзүнүн туунду компаниялары аркылуу кыргыз тарапты башкаруудан оолактатып, жыйынтыгында өз капиталын 100% га көбөйтө алган;

– Центерра Голдго эч негизсиз эле өтө кеңейтилген аянт тартууланып, ага 7,5 км радиустагы периметрдеги баардык пайдалуу кен байлыктар менен иштөөгө өзгөчө укук берилген. Иш жүзүндө Центеррага «Кумтөр» кени жайгашкан райондогу баардык минералдар менен иштөөгө толук монополия берилген жана концессиялык аянтты андан ары кеңейтүүгө убада кылынган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мындай “чыккынчылыгы” боюнча 2003-2004-жылдар ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кумтөралтындын» маселелерин үч жолу караган.

Долбоорду реструктуризациялоодо кыргыз тараптын активи атайлап кыйла кыскарууга дуушар болгон, жыйынтыгында Кыргызстан Центеррада болгону 15,66% үлүшү менен калган, а чындыгында, активдердин реалдуу көлөмү алда канча жогору эле;

– 2003-2004-ж. Макулдашуулар Кыргызстан үчүн эң чоң кечирилгис катачылык болгон, себеби, аларга кол коюу менен Кыргызстан Кумтөр долбоорун башкаруудан өзүн ажыратып таштаган;

в). 2009-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана “Кыргызалтын” ААКу менен “Центерра Голд Инк” компаниясынын “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКнын, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын “Камеко” корпорациясынын ортосунда “Кумтөр” долбоору боюнча жацы шарттар жөнүндөгү жаңы макулдашуу түзүлөт. Кыргыз тараптан Премьер-Министр И.Чудинов жана “Кыргызалтындын” президенти А.Джакыпов кол койгон. Бул келишим 2009-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган.

Кумтөр долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндөгү бул макулдашууну ратификациялоонун эң башкы максаты, Макулдашуудагы КРнын Конституциясына, КРнын “Салык” кодексине, КРнын “Бажы” кодексине, КРнын “Суу” кодексине, КРнын “Эл аралык келишимдер жөнүндөгү”, “Жер казынасы жөнүндөгү”, “Суу жөнүндөгү”, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү” ж.б. мыйзамдарына каршы келген же туура келбеген жоболорду мыйзамдаштыруу (легалдаштыруу) болгон. Негизи бул жерде Кыргызстандын улуттук мыйзамдарына караганда Макулдашуунун жоболоруна артыкчылык берилген.

Экинчи максат, Кумтөр долбоору боюнча Макулдашууга, анын коррупциялык схемаларына, Кыргызстандын баардык бийлик бутактарын аралаштыруу, экинчи бул маселени көтөртпөө болгон. Ошон үчүн бул жолу Жогорку Кеңешти, Конституциялык сотту аралаштырган.

Кумтөр долбоору боюнча ратификацияланган жаңы шарттар тууралуу Макулдашуу Президенттин, Жогорку Кенештин жана Өкмөттүн ыйгарым укуктарын чектейт, укуту ченемдүү эмес, себеби, Конституния жогорку юридикалык күчкө жана кыймыл-аракетке ээ, ошондой эле, башка салык төлөөчүлөргө карата дискриминациялык маанини камтыйт. Себеби, 2008-жылдын 1-январынан баштап кайра каралган Консециялык Макулдашуулар күчүн жоготкон (2042-жылдын 4 декабрына чейин), долбоордук компаниялар баардык учурдагы жана келечектеги салыктардан бошотулган! Ал эми Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын 5-беренесине ылайык, “Мамлекет жана анын органдары, анын бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылат. Мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конститутцияда жана Мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт”.

Жаңы шарттар жөнүндөгү макулдашууларга кол коюлгандан кийин мурдагы КГК тарабынан чыккан финансылык ж.б. мыйзам бузуулар боюнча соттордогу, тергөө органдарындагы баардык иштер токтотулган б.а. мыйзамдын күчү өткөн мезгилге карата колдонулары бекитилген.

3. Шектүү ишчаралар:

– Б.Бирштейндин катышуусундагы “Сиабеко-Кыргызстан” ишканасындагы иш-чаралар:

– 1993 -жылдын 24 февралындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынан “ЮБС” банкына “Сиабеко” фирмасынын эсебине 1 915 891 АКШ долларынын которулуусу, жеке самолет менен эки тонна алтындын Швейцарияга алынып чыгып кетүүсү;

– 2002 жылдын сентябрь айында Кыргызстандын Өкмөтүнө Камеко тарабынан долбоордун кайра түзүлүшүнүн (реструктуризациялануусунун) алкагында алдын алуу төлөм катары 4 млн. АКШ долларынын которулуусу;

– 2004 жылдын июнь айында “Эккерд” ортомчу компаниясына (Латвия, Рига) 11 млн. АКШ долларынын төлөнүүсү;

– 2004 жылдын июнь айында Центерранын опционунун 2% акциясын сатып алуу боюнча Кыргызалтын милдетин аткарбагандыгы үчүн 1,25 млн. АКШ долларынын төлөнбөгөндүгү;

– Кыргызстан тараптын Центерранын 7,5 млн акциясын сатуудан түшкөн 89 млн. АКШ доллар каражатын үч ай бою кармалуусу (июнь – сентябрь 2004 ж.). Кийин бул акча каражат максатсыз “Жакырчылыкты жоюуга”- деп иштетилиши;

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы №684-р буйрутмасы менен Кумтөр долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндөгү 2009-жылдын 24-апрелиндеги макулдашуунун негизинде 2008-жылдын 1-январынан 31-декабрга чейин жалпы суммасы 1 247 839 031 сом же 28 374 939,3 АКШ долларын түзгөн алынбаган салыктардын ордуна “КОК” ЖАК жана “КГК” ЖАК тарабынан Кыргызстанга 22 442 921,52 АКШ доллары же 986 967 871, 98 сом которулгандан кийин карызды кечип (списание) жиберген. Натыйжада, республиканын бюджети 260 871 119 сом, же 5 932 017, 77 АКШ долларын жоготкон.

– 2012-жылдын 30 апрелинде “Ала-Тоо Финанс” микрокредиттик агентчилигине, Кыргызстандагы жаңы кен байлык бар жерлерди иштетүүгө багытталган 21 008 000 АКШ долларын которулуусу.

4. Долбоордун башкарылышы:

– Кыргыз тараптын башында эле долбоорду башкаруудагы таасиринин жоктугу, КГКнын жалпы чогулушу жана андагы Кыргызстандын 2/3 добуштук үлүшү Камеконун аткаруучу комитетинин көпчүлүк добуш берүүсү менен алмаштырылган, башкаруу – түшкөн кирешеге карата эмес, пайдаланылган чыгашанын санына карата төлөө шарты менен КОКтун туунду компаниясы Камекого берилген. Же болбосо, чыгашалардын көлөмүн көбөйтүүгө кызыктарлык камсыздалган. Андан сырткары, Кыргызстандын жетекчилигинин коргоосунун астында КОК өндүрүштү ишке ашырууну создуктурган (4 жылдан ашуун);

– Центеррадагы 33% үлүшү менен Кыргызстан Центерранын директорлор кенешиндеги 12 адамдын арасында болгону өзүнүн 3 өкүлү менен катышкан, башкача айтканда, чечүүчү күчкө ээ эмес эле. Анын үстүнө, Центерра Канаданын мыйзамдары менен, конфиденциялуулукту сактап, кыргыз тарап үчүн маалыматтарды толук ачпай иштеген;

– Кыргызстандын директорлор кеңешиндеги мүчөлөрү Центеррадан сыйлык акы алгандыктары менен көз каранды болушкан (мисалы: 2011-жылы А.Муралиев, Н.Алдашев, И.Ибраев орточо эсеп менен 190 миң АКШ долларын, андан сырткары, ар бир жыйынга катышуудагы майда (“чөнтөк”) чыгашалары үчүн 4500 АКШ долларын алып турушкан);

– коррупциялык схемалар, махинациялар менен ашыкча мыйзамсыз акча которуулар, чыгаша кылууларда, биздин өкүлдөрүбүздүн атуулдук пассивдүүлүгү, жогорку алган айлык акысында эле эмес, алар башынан Камеконун, Центерранын “өз кишилеринен” болгондугу менен да түшүндүрүлөт;

5. Кесепеттүү башкаруу жана КОКтун каржылык мыйзам бузуулары:

– Президент Хоменюктун жубайына – Стивенс Марина айымга төлөнгөн гонорарлар, 2001-ж,-138 миң долл., 2002-ж. – 331 миң долл., 2003-ж. – 508 миң. долл.;

– Кумтөр кенинин объектилерин куруудагы ашыкча төлөөлөр -176 млн. АКШ долл. (452,2-276,2);

– рудниктеги курулуш объектилерин курууга жумшалган каражаттар боюнча финансалык отчеттогу айырмалар – 17 млн. АКШ долл. (452,2 – 435,2);

– калдыктарды сактоочу жайды (хвостохранилище) куруу учурундагы дамбаны которууга жана бекитүү иштерине кеткен каражаттар – 43 млн. АКШ долларынан ашуун;

– өндүрүштүк ишмердүүлүккө тиешеси жок алымсыз (беспошлинный) товарларды ташып келүү (күмүштөн жасалган шакектер, алтын жалатылган шакектер, скульптуралар, гольф оюнуна керектүү жабдыктар, бейсболдук шапкечелер, оюн карталары ж. б.) жалпы суммасы 1 млн. ашык АКШ долл.

– Бажы кызматынын маалыматтары боюнча “КОК” негизги өндүрүштүк ишке таандык эмес көйнөктөрдү, спорт сумкаларын, алтын жалатылган төш белгилерди, кружкалар, лыжа таяктары, кепкалар, кагаз кол аарчылыры, сүлгүлөр, календарлар, конверттер, брошюралар ж.б.у.с. майда-чүйдө товарлардын баасы миллиондогон АКШ долларын түзөт. Алар, негизинен, Канададан ташылат. “Катерпиллер” фирмасынын атайын техникаларын Европадан же КМШ өлкөлөрүнөн алгандын ордуна Канададан ташылып келинет.

– жараксыз деп таанылган химиялык резгенттерди сатып алуу 1,3 млн. АКШ долларынан ашуун;

– ЕБРРден алынган 150 млн.АКШ доллар кредитин пайдаланбагандыгы үчүн, 2010-жылдын ноябрь айында төлөнгөн 1,125 миң АКШ долл.:

– Тик түшмө жолдон коопсуздук үчүн жасаган эки эңкейиш жол үчүн (съезд безопасности) куруш үчүн жыйынтыксыз корогон 170,1 млн. АКШ доллары;

– Товарларды, азык-түлүк товарларын жогорулатылган баа менен сатып алуудагы айкындуулуктун жоктугу

– Кызматтарды сатып алуудагы айкындыктын жоктугу, анын ичинде, экологиялык изилдөөлөр. долбоорлоолор боюнча, чындыкка төп келбеген маалыматтардын документтерге киргизилиши (“Эко-Сервис” фирмасынын экологиялык паспортунда);

– Аудиттердин кызматтарын сатып алуудагы айкындыктын жоктугу, чатак кызыкчылыктары бар компанияларды ишке киргизүү (М, “Призма”);

– Негизги башкаруучу персоналдардын айлык акыларынын көлөмүн жашыруу, салык толөөдөн качуу фактылары.

6. Экологиялык зыяндар.

Кумтөр боюнча убактылуу депутаттар жана мамлекеттик комиссиялары, КОКтун ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары жана нормалары көп сандаган бузуулар менен ишке ашырыльш жаткандыгы, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууда жаратылышка, Кыргызстандын кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирип жаткандыгы тууралуу тыянак чыгарышты.

Жогоруда аталган эки комиссиянын тең иштерине катышкан экологиялык маселелер боюнча көз карандысыз эксперт Д.Кутманованын тыянагында жаратылышты коргоо талаптарынын эрежелерин бузуулары боюнча тизмеги келтирилген жана жол берилген экологиялык зыяндар боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн, ошондой эле, Кумтөрдүн иштетүүнүн бардык мезгилиндеги Кыргызстан үчүн долбоордун «чыгым-пайда» тутумундагы баа берүү маалыматтар элге жарыяланган эмес, Кумтөрдүн мамлекеттнн экономикасына болгон пайдасы, алынган продукциялардын жана экологияга келтирилген зыяндардын салыштырмаларын көрсөтпөстен. “кооз оромолдоо” менен коомчулукка оң гана таризде жеткирилип турган.

Кыргыз Республикасынын жаратылышты пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттиик органдары тарабынан КОКтун ишмердүүлүгүнө талаптагыдай көзөмөлдөр жүргүзүлгөн эмес, лицензиялар, мамлекеттик экспертизалардын оң бүтүмдөрү берилип келген, чындыкка келбеген маалыматтары бар документациялар (экологиялык паспорттор, бөлүп чыгаруучу заттардын чектик-жол берилүүчү нормативдик долбоорлору, долбоорлор, отчеттор) бекитилип турган;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо органы менен бирдикте башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жаратылыш ресурстарын тийиштүү баа берүү жана эсепке алуу уюштурулган эмес, КОКтун жаратылышты пайдалануу жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасири боюнча маалыматтардын толуктутун жана аныктыгын көзөмөлдөө жүргүзүлгөн эмес

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо органы тарабынан (Ысык-Көл аймактык башкармалыгы) 2009-2011-жылдардагы КОКтун айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн акы төлөөсүнүн өлчөмүн бир канчалаган эсе төмөндөтүп бекиткен.

КОК калдыктардын талаптагыдай эсепке алынышын камсыз кылган эмес, техникалкк документтерде жана отчеттордогу маалыматтар көп эселеп (ондогон эсе) айырмаланат.

– КОК коомчулуктан маанилүү экологиялык маалыматтарды жашырып келген, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жылдык отчетторго булгануу көлөмү боюнча маалыматтар (таштандылар, чыгашалар, калдыктар) киргизилген эмес” – деп белгиленет;

Кумтөр боюнча макулдашуунун колдонуудагы шарттарына ылайык айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн акы белгиленген ставка боюнча 310 миң АКШ доллары деп каралган, ал эми жалпы кабыл алынган практика боюнча иш жүзүндөгү булганышына карата эсептелиши керек.

Кумтөрдүн иштетүүсүнөн болгон экологиялык зыян төмөнкү түзүүчүлөрдөн куралат;

7. Жаратылыш ресурстарын жоготуудан жаралган зыян – ичилүүчү таза суунун консервацияланган запастары (мөңгүлөр)

а) . Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинин шарттары боюнча муз жаткан жерлерде өзүнчө жыйбай, тескерисинче, музду бош тектүү жер кыртыштары менен катмарлоо аркылуу;

б) . Кыргыз Республикасынын “Суу тууралуу”, “Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн калдыктары жана аларды пайдалануу тууралуу” мыйзамдарын бузуп, тоо кыртыштарын (бош тектүү жер кыртыштарын) муздуу аймактарга жыйуу аркылуу;

Эксперттердин баалоолору боюнча, 2040-жылга карата суу – “түзсүз алтын” – металл алтынга караганда алда канча кымбат болоору божомоддонууда. Ага карабастан, Кыргыз Республикасындагы орнотулган принциптерди – жаратылыш байлыктарын, анын ичинде суу ресурстарын төлөм аркылуу колдонууну бузуп (Кыргыз Республикасынын “Айлана-чөйрөнү коргоо тууралуу” Мыйзамынын 7,13,14,15-беренелери, Кыргыз Республикасынын Суу Кодексинин 47-беренеси), мамлекеттик органдар тарабынан алигиче жаратылыш ресурсу катары суу баалана элек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү төлөм киргизиле элек.

Кумтөрдүн иштетилип баштаганынан бери 2012-жылдын июль айына чейин, КОКтун маалыматтары боюнча 77,9 млн. куб.м муз чыгарылган, бул, суунун литрин 1 сом деп баалаганда эле, 60 млрд. сомго (же 1,3 млрд. АКШ долл) барабар.

8. Уулуу калдык заттар менен иштөө боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузуудан жаралган зыяндар

КОКтун колунда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдар тарабынан бекитилген коркунучтуу калдыктардын 13 түрлөрү үчүн берилген паспорту бар.

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктары жөнүндөгү» Мыйзамынын 8-беренесинин 1-пунктунун, «Кыргыз Республикасындагы экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча жалпы техникалык регламенттери тууралуу» Мыйзамынын 19-беренесинин эрежелерин бузуу менен КОК экономикалык иш жүргүзгөн бардык түзүмдөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын уруксат жок ишке киргизилет!

КОКтун берген маалыматтарынын негизинде 1996-2011-жылдардагы калдыктарды өз алдынча жайгаштыруу боюнча эсептелген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19 -сентябрындагы № 559- бекитилген токтомуна ылайык, айлана-чөйрөнү булгагандык (ыргытуулар, булгоочу заттарды чачуу, калдыктарды жайгаштырып төгүү) үчүн акы төлөө курсу боюнча 2002-жылдын 10-мартындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча кабыл алынган 1,2 сом / тонна өлчөмүндөгү зыян 250 млрд. сомду (же болбосо, 5 миллиард АКШ долларынан ашуун) түзөт.

9. Булгоочу заттарды төгүү, чачуу боюнча келтирилген зыян

ЖЖтун берген маалыматтарынын негизинде 1996-2011-жылдардагы зыяндуу заттарды чегинен чыга ыргытуу, чачуу боюнча эсептелген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19 -сентябрындагы бекитилген № 559- токтомуна ылайык, айлана-чөйрөнү булгагандык (ыргытуулар, булгоочу заттарды чачуу, калдыктарды жайгаштырып төгүү) үчүн акы төлөө курсу боюнча 2002-жылдын 10-мартындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча кабыл алынган 1,2 сом / тонна өлчөмүндөгү зыян 477191 сомду түзөт.

10. Жер пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен келтирилген зыян

Кумтөр кениндеги объекттерди куруу фактыларында, жер кыртышынын түшүмдүү катмарын кесүү боюнча эч кандай тийиштүү документтик уруксат жок иштер алып барылганы, б.а. жер кыртышын бузууда кыянаттык (зыян) келтирилгени аныкталган.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик техникалык жана экологиялык коопсуздук боюнча кызматы тарабынан эсептелген зыяндын көлөмү 106,8 млн. сомду түзөт.

11. Тоо-кен карьердик көлмөлөрдөн чыккан агын суулардан улам, Кумтөр-Нарын-Сырдарыя Дарыя бассейнинде суу булганышы жана тоонун иштетүүгө жараксыз катмарларын (бош катмарларды) тазалоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен келтирилген зыян

Кен очокторунда жаралган көлмөлөр жана калдыктар, уулу заттарды сактоочу жайлардын (хвостохранилищелердин) натыйжасында пайда болгон эбегейсиз чоң көлөмдөгү жер кыртыш көлөмдөрү Нарын-Сырдарыя дарыяларынын бассейниндеги агынды сууларга, Кумтөр дарыясына систематикалык түрдө, узак убакыттар бою куюлуп келгендигинин эсебинен, олуттуу зыян алып келүүдө. Алардын ичинде, цианидден тышкары, мышьяк, кадмий, кобальт, селен, күкүрт, мунай заттары жана жардыруучу заттардын калдыктары бар. КОК жыл сайын, үч тоннадан көбүрөөк цианид пайдаланат, өндүрүш башталгандан бери 1 млрд тоннадан ашуун бошотулган (пустой) жер кыртышы, 90 миллион тоннадан ашык уулуу, цианидделген жер калдыктары пайда болду. Кен өнүктүрүүнүн акырына карата ал, калдыктардын көлөмү эки эсе көбөйөт деп күтүлүүдө. Алардын бир бөлүгү оор, калпыс шарттарда (уулуу таштандыларды сактоочу жайларда) сакталат.

12. Цианид кокустугу

1998-жылдын 20-майында транспорт кырсыгынан 1760 кг цианид Барскоон дарыясына жана Ысык-Көлгө кошулуп калды. Зыяндын суммасы 91.279.467 сомду, же болбосо, 4.563.973 долларды түздү жана ал сумманы «Кумтөр Голд Компани» кыргыз тарапка которуп берди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кырсыкка байланыштуу мындан аркы жоопкерчиликтен, Кумтөр долбоорун ишке ашырууга катышкан КОК, Камеко жана КГК жана башка юридикалык жана расмий кызмат өкүлдөрүн бошотту (келишимге вице-премьер Б.Силаев колкойгон).

13. Социалдык-экономикалык зыяндар

1997-2011-ж.ж. мезгилинде КОКтун маалыматтарына ылайык, 260,7 тонна алтын өндүрүлгөн, анын ичинде, 258.6 тоннасы 4,8 миллиард АКШ долларына сатылган, 24,7 млн. АКШ долларына 78,5 тонна күмүш сатылган. Ошол эле мезгилде, Кыргызстанга салымдар, салык төлөнгөн, жалпы суммасы 1,852 млрд АКШ доллары, анын ичинде, дивиденддер $ 44,6 млн, бул 1,4 тонна алтынга барабар. Эгер Кыргызстандын кошкон салымы 67% баштапкы салмагынын долбоордо сакталганында, алынган киреше 3,2 млрд АКШ долларын түзмөк эле.

Эгерде Кыргызстандын бийлиги башынан “дивидендди” (кирешени) бөлбөй, өндүрүлгөн алтын, күмүштү (металды) тең бөлүүгө же үчтөн бирин алууга жетишкенде жогорудагы көрсөткүчтөр таптакыр башкача болмок. Жогорудагы эле көрсөткүчтөрдөн “Кумтөр” долбоору Кыргызстан үчүн канчалык деңгээлде экономикалык, экологиялык жактан пайдалуу же пайдасыз экендиги жаш балага да түшүнүктүү. Бирок бүгүн кыргыз коомчулугу муну түшүнүп турганы менен “Кумтөрдү” ушундай абалга алып келген макулдашууларды Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин эми азыркы президенттин да кайрадан карагысы келбей жаткандыгы таң калтырат. Социалдык жактан канчалык деңгээлде адилеттүүлүк сакталгандыгы боюнча мисал катары Кумтөрдө иштегендердин айлык акысын салыштырсак эле жетиштүү болот.

Мисалга: Кумтөр кенинде 2012-жылы 2834 адам жумуш менен камсыз болгон, анын ичинде 163 чет элдик кызматкерлер (5,8%), орточо айлык эмгек акысы 9202 АКШ доллары менен, 2671 жергиликтүү жумушчулар (94,2%), 367 АКШ доллар орто айлык эмгек акысы менен.

14. Мыйзам долбоорунун максаты жана Кумтөр долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндөгү Макулдашууну денонсациялоонун негиздери.

Мыйзамдын негизги максаты – кыргыз тарабы үчүн көз карандылыкты жаратып, Кыргыз Республикасынын көптөгөн мыйзамдарын бузуу менен ипггетилип жаткан жана экономикалык пайданын адилетсиз бөлүштүрүү орун алган Кумтөр алтын кенин казуудагы мыйзам бузууларды, адилетсиздикти жоюу жана Кыргызстандын кызыкчылыктарын сактоо болуп саналат.

Жогоруда айтылгандай Канадалык компаниялар “Эл аралык келишимдердин укугу жөнүндөгү Вена конвенциясына, КР “Эл аралык келишимдер жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарына ылайык “Эл аралык уюм” статусуна ээ змес Канадалык компаниялар болгону коммерциялык максатта гана түзүлгөн компаниялар. Демек КРнын “Эл аралык келишимдер жөнүндөгү” мыйзамынын 1-ст., 3-п., 3-ст., 25-ст. талаптарына ылайык Кумтөр долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндөгү макулдашуу “Эл аралык келишим” статусу болбосо да атайылап коррупциялык максаттарда ратификацияланганы бул макулдашууну денонсациялоого негиз берет.

Кыргыз Республикасынын “Эл аралык келишемдер жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине ылайык денонсациялоо сунушу Жогорку Кеңешке Кыргыз Өкмөтү тарабынан киргизилиши керек. Бирок демилчи топ, азыркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Өкмөт мүчөлөрүнүн, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, мурдагы экс-президент, экс-премьер-министр, экс-министрлердин убагында түздөн-түз же кыйыр түрдө “Кумтөр” долбооруна тиешеси бар адамдар экенин эске алсак, азыркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү андай кадамга өз эрки менен барышына үмүт жок. Азыркы күчүндө турган Конститциянын кен-байлыктарга тиешелүү жоболору (12-6.) мыйзам чыгаруу демилгеси (79-6., п. 1) жана жалпы кызыкчылык баарынан жогору тургандыгын, мында Конституциялык жоболор түздөн-түз колдонуларын жетекчиликке алсак, макулдашууну же мыйзамды мыйзам менен жокко чыгаруу менен, КР Өкмөтү менен Канаданын жеке компанияларынын ортосундагы “Кумтөр” боюнча маселени жаңыдан карап, мурдагы коррупциялык схемалардан, мыйзам бузуулардан арылып, эки тараптын кызыкчылыгын мыйзамдын негизинде тең караган, реалдуу жаңы макулдашууга жетишүүгө болот. Ал ушул денонсациялоо жолу.

Демилгечи топ мурдагы бардык макулдашууларды жокко чыгаруунун тараптар үчүн эң бир ыңгайлуу жана мыйзамдуу жолу деп мыйзам жолу менен күчүнө кирген макулдашууларды, мыйзам кабыл алуу (денонсация кылуу) менен жокко чыгарууну эсептейт.

– БУУнун ГАсынын (1974-ж. 12-декабрь) “мамлекеттердин экономикалык укуктары менен милдеттенмелеринин” Хартиясында: “Ар бир мамлекет чет элдик инвестицияларды өз мыйзамдарына жана токтомдоруна ылайык, улуттук укуктун бийлигинин чегинде жана өзүнүн улуттук максаттары, алдынкы катардагы милдеттерине тууралап жөнгө салынышы жана көзөмөлдөшүнө укуктуу экендиги” бекитилген. Кумтөр кени боюнча макулдашууну түзүүдө КР улуттук мыйзамдары, укуктук ченемдик актылары бузулгандыгы бир нече жолку чакырылыштагы Жогорку Кеңештер тарабынан белгиленип, бир нече кылмыш иши козголуп келген. Азыр күчүндө турган Кумтөр боюнча ратификацияланган макулдашууну жокко чыгаруу чет элдик инвестициялардын иштешин, улуттук мыйзам алкагына алып келүү максатында болуп жатканы КРнын эгемен укугу болуп эсептелет.

– Эгерде Жогорку Кеңеш биз сунуштаган ушул мыйзам менен Кумтөр долбоору боюнча ратификацияланган макулдашууну денонсацияласа ал өлкөнүн эгемендүү укуктарына негизделген Мамлекеттик акт катары каралып (Мамлекеттик акт доктринасы) башка бир мамлекеттин сотторуна бул мамлекеттик актынын мыйзамдуулугун талкулоого, кароого жана алардын туура эместиги жөнүндө чечим чыгарууга тыюу салат. (БУУнун Хартиясы: 1974-ж. 12.12.32.81 резолюция)

Мындан сырткары денонсациялоого негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:

– Макулдашууну ратификациялоо эл аралык укуктун нормаларына, КР Конституциясынын, КР “Эл аралык келишимдер жөнүндөгү” мыйзамынын жоболорун бузуу менен жүргүзүлгөн.

– Рамалык келишимдерди ратификациялоо жүргүзүлгөн КР мыйзамын жокко чыгаруу, Кыргызстандын эл аралык укуктук милдеттин императивдик ченемдерин сактоого жана өзүнүн ички мыйзамдарын КР Конституциясына ылайык кетирүүгө умтулуусу менен түшүндүрүлөт.

– Эл аралык келишимдер КР Конституциясынын ченемдеринен жогору эмес. Эл аралык келишим КР Конституциясына каршы келсе анын жокко чыгарылышына негиз болот.

“Кумтөр” долбоору боюнча макулдашууну ратифпкациялоо жөнүндөгү мыйзамдарды денансациялоо мыйзамы эч кандай материалдык, моралдык же саясий зыян алып келбейт жана жарандардын ишкердик укуктарын чектебейт.

Мындан сырткары бул мыйзам долбоору күчүндө турган укуктук-ченемдик актыларга каршы келбейт жана ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салууга багытталган эмес. Ошондой эле социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик экологиялык, коррупциялык ж.б. жат элементтерди алып келбейт, мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.

Кумтөр долбоору боюнча мыйзамсыз ратификацияланган макулдашууну денонсациялоо менен биз:

– Өз кен-байлыктарыбызга өзүбүз ээ экендигибизди тастыктап, Конституциянын бузулган 12-б. жоболорун калыбына келтиребиз;

– Мыйзамсыз “Эл аралык келишимдер” Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдеринен жогору эместигин тастыктайбыз;

– Аталган мыйзамсыз, коррупциялык макулдашууну жокко чыгаруу, Кыргызстандын элинин кызыкчылыгын, улуттук коопсуздугун коргоо, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын, айлана-чөйрөнү, экологияны сактоо, Кыргыз Республикасынын башка адамдардын укугун, эркиндигин коргоо максатын ишке ашырабыз;

Эскертүү: Демилгечи топ мыйзам долбоорун даярдоодо, Кыргыз Республикасынын ХII-чакырылышындагы Жогорку Кеңешинин, 2-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын, 3- жана 5- чакырылыштардагы Жогорку Кеңештердин, “Кумтөр” алтын кени боюнча түзүшкөн атайын комиссияларынын, анын ичинде, мамлекеттик комиссиянын (жетекчиси Т.Сариев), ал комиссияларда иштеген көз карандысыз эксперттердин топтогон материалдары жана чыгарган тыянактары, ошондой эле “Эл үнү” коомдук-саясий кыймылынын 2012-жылдын 1-декабрындагы жыйынынын, 2018-жылдын 24-ноябрында өткөн Курултайдын материалдары колдонулду.

Негиздемедеги маалыматтар, көрсөткүчтөр 2014-ж. чейинки гана фактылар.

Мыйзам долбоору

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинине ылайык 10 000 шайлоочу (элдик демилге) тарабынан киргизилет.

Кыргыз Республикасынын мыйзамы

2009-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана «Кыргызалтын» ачык акционердик коому менен «Центерра Голд Инк» канадалык компаниясынын, «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКнын, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКнын, «Камеко» канадалык корпорациясынын ортосунда кол коюлган жана 2009-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган № 142 Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен ратификацияланган “Кумтөр долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндөгү макулдашууну денонсациялоо жөнүндө

1-статья.

2009-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана “Кыргызалтын” ачык акционердик коому менен “Центерра Голд Инк” канадалык компаниясынын, “Кумтөр Оперейтинг Компани” жабык акционердик коомунун, “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун, “Камеко” канадалык корпорациясынын ортосунда кол коюлган жана 2009-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган №142 Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен ратификацияланган “Кумтөр долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндөгү” Макулдашуу денонсациялансын (мындан ары -Кумтөр долбоору боюнча жаңы шартгар жөнүндөгү Макулдашуу).

2-статья

“Кумтөр долбоору боюнча жаны шарттар жөнүндөгү Макулдашууга байланыштуу башка бардык макулдашуулар жана келишимдер да күчүн жоготту деп эсептелсин. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерине ушул мыйзамдын негизинде өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3-статья

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган Макулдашуунун денонсацияланганы жана ага байланыштуу бардык башка макулдашуулар жана келишимдердин күчүн жоготкондугу жөнүндө Макулдашууга жана келишимдерге кол коюшкан тараптарга кабарлансын.

4-статья

Ушул мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөндөгүлөр кучүн жоготту деп эсептелсин:

– 2009-жылдын 30-апрелиндеги №143 Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

– 2009-жылдын 29-майындагы №175 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамы.

-2009-жылдын 5-июнундагы №355 “Кумтөр долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндөгү Макулдашуудан келип чыккан макулдашуулардын жана келишимдердин долбоорлорунун жактырылышы жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому, Кыргыз Республикасынын атынан түзүлгөн “Кумтөргө” байланыштуу 1992-жылдын 4-декабрында Канаданын Торонто шаарында кол коюлган башкы макулдашуудан кийинки баардык келишимдер жана макулдашуулар.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып, Кумтөр алтын кенинде өндүрүштү токтотпоо, талап-тонолууга жол бербөө максатында “Кумтөр Голд Компани” ЖАКын, анын негизги жана жүгүртүүдөгү баардык каражаттарын, баардык каржылык автивдерин, материлдык жана материалдык эмес, анын ичинде концессиялык укуктарын улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун Жогорку Кенешке токтоосуз киргизсин.

5-статья

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

Кыргыз Республикасынын эгемендик мезгил ичиндеги кен-байлыктар, анын ичинде “Жер үй”, “Талды-Булак”, “Ыштамберди”, Чаткал зонасындагы ж.б. аймактардагы алтын кендер жана башка жаратылыш ресурстарын, курулуш материалдарын өндүрүү (карьерлерди берүү) кайра иштетүү, боюнча берилген баардык лицензиялардын мыйзамдуулугун аныктоо максатында инвентаризация жүргүзүү үчүн, тийиштүү жергиликтүу кеңештин депутаттарынын, кеңири коомчулуктун өкүлдөрүнүн, көз карандысыз адис-эксперттердин катышуусунда, атайын Өкмөттүк комиссия түзсүн.

Ал комиссияга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен берилген, мөөнөтү эскирген, колдон колго сатылып жүргөн лицензияларды ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуп же сактабай иш-аракеттерди жүргүзүп жаткан фирма, компания, ишканалардын – лицензия ээлеринин аттарын аныктап, элге ачык жарыялап, алардын лицензияларын жокко чыгаруу демилге укугу берилсин.

Мындан кийин, кен байлыктарды чалгындоо, иликтөө, өндүрүү, иштетүү боюнча жана курулуш материалдарын өндүрүү (карьерлерди берүү), кайра иштетүү үчүн лицензияларды берүү тийиштүү жергиликтүү кеңештердин макулдугу менен жүргүзүлсүн. Ушуларга байланыштуу тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү сунушу Жогорку Кеңешке киргизилсин.

Жогоруда аталган иш-чараларды аткаруу мөөнөтү 2019-жылдын 1-декабрына чейин белгиленсин.

6-статья

Аталган мыйзамдын аткарылышын контролдоо Жогорку Кеңештин төрагасына жана тийиштүү комитеттерге жүктөлсүн.

7-статья

Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш, Жээнбеков

Булак: «Майдан»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: