Европалык комиссия шенген зонасына кирген бардык чет өлкөлүк жарандарды текшерүүдөн өткөрүү сунушу менен чыкты. Бул норма виза талап кылынбаган атуулдарга дагы тиешелүү.
Бул америкалык системага окшош. ЕБ аймагына кирүүчүлөр акы төлөп, жеке маалыматтарын милдеттүү түрдө анкетага толтуруп бериши керек болот. Ошондон кийин гана алар Евробиримдиктин аймагына киргизилет.
Төлөм акысы – беш евро. Ал эми анкеталар паспорттун мөөнөтү бүткүчөктү системада сакталып турат. Жооп ошол эле күнү келет. Еврокомиссия адамдардын 97 пайызы Евробиримдикке эч маселесиз кирет деп ойлоп жатат.
ЕБ менен визасыз режим боюнча макулдашкан бардык өлкөнүн жарандары, анын ичинен Балкандын батыш бөлүгү, Молдова атуулдары кирүү боюнча арыз берет. Мындай тартип келечекте виза келишимдерин даярдоо жараянынан өтүп жаткан Украина жана Грузияга дагы тиешелүү болот. Еврокомиссиянын планы боюнча шенген зонасына кирбеген Болгария, Ирландия, Румыния, Улуу Британияга мунун тиешеси жок.
Сунуш ЕБга мүчө өлкөлөр жана Европарламент тарабынан жактырылып, 2020-жылы күчүнө кирет деп күтүлүп жатат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ