Menu

Парламенттик шайлоо болсо, биринчи орунга КСДП, экинчиге “Мекеним Кыргызстан” чыгабы?

Бөлүшүү:

Көчүк куушурткан суук күнүндө… 28-январда Кара-Балта жана Таш-Көмүр шаардык кеңештерине шайлоо болуп өттү. Бул саясый процессти алдыдагы парламенттик шайлоонун “разминкасы” катары кабыл алсак болот. Эмесе, көпчүлүк анчалык көңүл бурбаганы менен биз олуттуу жагдайларга токтолуп, кепти кабыргасынан коелу.

Кара-Балта шаардык кеңешине КСДП 32,97%, “Эламан” 20,88%, “Мекеним Кыргызстан” 19,77%, “Элдик” 15,66% шайлоочулардын колдоосуна ээ болушса, калган партиялар 7%дык чекке жетпей калышкан. Ал эми Таш-Көмүр шаарында “Мекеним Кыргызстан” 30,32%, КСДП 24,69%, “Ата Журт” 12,25%, “Таш-Көмүр жаштары” 11,23%, “Өнүгүү-Прогресс” 10,39% көрсөткүчтөр менен алдыга озушкан. Мунун өзү учурдагы саясый күчтөрдүн чен-өлчөмү кандай экенинен кабар берет.

Мына ушундай жыйынтыктардан соң, түндүк-түштүк региондорунда тең КСДП, “Мекеним Кыргызстандын” таасири артып турганы байкалат. Эске сала кетсек, береги эки партия тең Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаардык кеңештеринде жеңишке жетишип, фракция түзүүгө да үлгүрүшкөн. Ошого катар башка жергиликтүү шайлоолордо да ийгилик жаратышканын билебиз. Аныгында, республиканын баардык аймактарында тамырларын жайышып, өздүк уячаларын камсыздай алышкан. Азырынча башка партияларда мындай ийгиликтин “и” тамгасы да жок.

Кыргызстанга КСДПнын таржымалы белгилүү, башында Алмазбек Атамбаев өзү турат. Ал эми “Мекеним Кыргызстанды” болсо, Икрамжан Илмиянов көзөмөлдөп келгени ЖМКларга эчен курдай жарыяланган. КСДПнын үзөңгүлөшү, мындайча айтканда “клону”. (Бул партиянын негиздөөчүсү катары “Ихлас” курулуш компаниясынын ээси айтылып келет.) Азыркы саясый шартта кожоюндун “добросу” жок эле миллиондорду чачып, партия түптөп, анан парламенттик шайлоодо утуп чыгуунун өзү утопия. Натыйжада, быйыл Жогорку Кеңеш таратылып, шайлоого старт берилсе, биринчи орунга КСДП, экинчиге “ийкемдүү” жаштардан куралган “Мекеним Кыргызстан” чыга турганы негиздүү көрсөткүчтөр менен ырасталып калды. О.э. демократиялык принциптер жана идеялык жарыштардын өксүгү жаралбашы үчүн бир оппозициялык партия илешип чыгышы мүмкүн. Кызык, тарых кайталанабы? 2007-жылы “Акжол” 67 мандатты багындырып, андан соң бийликтин “ээрчимеси” катары “Коммунисттер” келсе, КСДП болсо оппозициялык блок катары элдин таламын талашкан…

Баса, өткөн президенттик шайлоодон кийин эле “Азия Ньюс” аркылуу 2018-жылы парламенттик шайлоо болору боюнча коңгуроо кагып, алдыртан саясый прогноздорду жасап келем. Себеби бар, чоң саясатта такымын жеп калган Алмазбек Атамбаев өз таасирин бекемдеш үчүн колдогу шанстарын коё бербейт. Тескерисинче, оппоненттерди четинен “сындырган” соң, бийликтин күчтүү империясын бекемдөөгө ашыгат. Анүчүн президент, премьер-министр же спикер болуунун зарылчылыгы жок. Тек гана парламентке келип, 50%дан ашык мандаттарга ээ болгон КСДП фракциясынын лидери болуу маанилүү. Коалиция түзүүдө Икрам Илмияновдун жетегиндеги “Мекеним Кыргызстан” партиясы ийкемдүүлүгүн көрсөтүп турса, жомоктогудай башкаруу жаралбайбы?

Кандай керемет?! Мындан өткөн саясый бакыт болобу? Эмесе, тездегиле…

Асланбек САРТБАЕВ

Булак: Азия Ньюс 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: