Кечээ, 11-октябрда Кубанын парламенти мамлекеттик кеңештин төрагасы Мигель мырзаны өлкө президенти кылып шайлап алды. Республиканын вице-президенти болуп мамлекеттик кеңештин төрагасынын орун басары Сальвадор Вальдес дайындалды, – деп жазат жергиликтүү Granma гезити.
Мигель Диас-Канель үчүн 605 депутаттын 579у добуш берген. Президенттикке өз талапкерлигин 17 киши койгон.
Эскерте кетсек, жыл башында Кубада жаңы Башмыйзам кабыл алуу боюнча референдум болуп өтүп, ага ылайык эми өлкөдө президент эки жолу 5 жылдык мөөнөткө шайлана алат. Ошондой эле вице-президент кызматы да кирген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ