Menu

Ашхабаддагы жаңы аэропорттун имараты чөгүп баштады

Бөлүшүү:

Ашхабадда бир нече ай мурун курулган жаңы аэропорттун имараты чөгүп баштады. Эмитеден эле терезелер сынып, коммуникация жарактан чыкты. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлайт.

Учурда ал жерде өкмөттүк делегацияларга арналган VIP-зоналарды, учуу-конуу тилкелери баштаган аэропорт комплексин курган түрк компаниясынын адистери иштеп жатат. Аба майдандын кайсы имараты чөгүп жаткандыгы тууралуу так маалымат жок.

Геологдордун айтымында, аэропорт жайгашкан аймак гидрогеологиялык жактан татаал шартка ээ. Өткөн кылымдын 60-жылдарынан бери жер алдынан суу сордурулуп турган.​

Аэропорт эки миллиард доллардан ашуун каражатка салынган. Геологдор эгер имараттын чөгүп жатканы тастыкталса, чыгымдар мындан дагы артышы мүмкүн экенин билдиришет. Рентабелдүүлүк жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес.

Түркмөн авиациясынын символу – учкан шумкардын формасында салынган аэропорттун имараты эң ири архитектуралык көрүнүш катары Гиннес рекорддук китебине дагы кирген. Аба майдан жылына 17 миллион жүргүнчүнү тейлөөгө кудуреттүү экендиги маалымдалган.

Жаңы аэропорттун ачылыш аземи былтыр сентябрда өткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: