Menu

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: “Атамбаевдин парламенти отурат, эч нерсе өзгөрбөйт”

Бөлүшүү:

– Азимбек Анаркулович, коопсуздук кеңештин катчысы Сагынбаев «Атамбаевге карата кылмыш иши кол тийбестиктен ажыраган жана кимдир бирөө көрсөтмө берген учурда козголот» деди. Экс-президенттин кол тийбестик макамын алып салууну сунуштаган мыйзам долбоору учурда Жогорку Кеңештин кароосунда турат. Кабыл алынса, Атамбаевге кылмыш ишин козгоого жол ачылабы?

– Ошол эле коопсуздук кеңештин катчысы да, башка саясатчылар да саясат кылгандан башка эч нерсе билишпейт. «Атамбаевди минтебиз, тигинтебиз» дегендеринин баары саясат. Каалайбызбы-каалабайбызбы, Атамбаев Кыргызстандын экс-президенти. Ал тарыхый инсан. Президент кезинде анын пайдасын да көрдүк, зыянын да тарттык. Эгер анын кандайдыр бир кылмыш иши болсо, мыйзам чегинде жоопко тартууга болот. Канча жолу айтам, анткени, экс-президенттин кол тийбестиги жок. Көрүнгөн жерде айтып жүрүп отургуча, эчак кылмыш ишин козгоп, алиге чейин бүткөрүп койсок деле болмок. Бул иште саясый соодалашуу, улам-улам башын чыгарып коюп, кимдир бирөөлөр жүргүзүп жаткан саясат экени айдан ачык.

– Айрым саясатчылар азыркы президент Жээнбековдун коррупция менен күрөш жүргүзүп жаткан ишин сындап жатышат. Сиз кандай баалайсыз?

– «Коррупциялык мыйзам бузууларды билдиргендерге сыйлык бар» деп ушундай бир чоң пафос менен мыйзамга кол койду. Мен дароо «кылымдын кылмышы катары Кумтөрдү билдирем. Мага сыйлыгыңардын кереги жок, мен сыйлыктын ордуна Кумтөргө кылмыш ишин козгоп, коррупциясын аягына чыгарышыңарды талап кылам» деп билдирдим. Коррупция дегенде эле Кыргызстанда Кумтөрдү караш керек. Ал жерде 92-жылдан ушул убакка чейин коррупция жашап жатат. Бардык парламент муну «коррупциялык келишим» деп айтты. Мамлекеттик комиссия дагы докладында ушинтип тапты. Бирок, дагы деле иштеп жатпайбы. Демек, коррупция менен күрөш жүргөнү кана?! Бүгүнкү бийлик да Кумтөрдөгү коррупцияга эртеби-кечпи жооп берет. Өздөрү 2016-жылы Кумтөр маселеси боюнча «эскирүү мөөнөтү колдонулбайт» деп жазып коюшту. Демек, эртеби-кечби бир азамат келип, Акаевден берки бүгүнкү бийликке чейинки адамдардын баарын тизмектеп, жоопко тартса болот.

– Саясый туткундар маселеси бир жылдан бери футбол болуп жаткандай. Муну эмнеден көрөсүз?

– Бизде президент гана жаңы. Атамбаевдин ордуна Жээнбеков гана келди. Ал дагы Атамбаевдин адамы. Калган мамлекеттик бийлик мурдагы боюнча иштеп жатат. Сот системасы, аткаруу бийлиги мурдагыдай эле, Атамбаевдин парламенти отурат. Ошондуктан, эч нерсе өзгөрбөйт. Жалгыз президенттин эрки мамлекеттик саясый системага жетпейт. Болбосо, баарына чекит коё турган Жогорку Кеңеш. Саясый амнистияны да парламент ала алат. Отунбаева «Текебаевге кечирим берилсин» десе, алты фракциянын лидерлери кол коюп берди. Отунбаевага учкашпай, мунапыс жөнүндө өздөрү мыйзам жазып, кабыл алып койсо болот эле. Алардын конституциялык укугу. Мунапысты ар каңдай алса болот. Мисалы, биз аялдар үчүн, жаш балдар үчүн, согуш ардагерлери, баатырлар үчүн мунапыс алганбыз. А эмне үчүн Атамбаевдин мезгилинде камалган саясый туткундарга мунапыс берүү жол-жобосу табылбайт?! Аны кыла алышпайт. Себеби, камалып жатышканда өздөрү отурган, бүгүн да өздөрү отурушат. Ошондуктан, жалгыз президенттин «мен жаңымын, жаңыча иштейм, жаңы нерсе жасайм» дегени эч нерсеге арзыбайт.

– Жазында саясаятта чоң бурулуш боло тургандыгы айтылууда. Эмне өзгөрөт?

– Башканы билбейм, бирок жаз алды менен биз Курултайдын экинчи этабын өткөрөбүз. Апрель айында азыркы иштеп жаткан президент Сооронбай Жээнбековдун ишине баа беребиз. Бул чоң бурулушка алып келиши ыктымал.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: