“Манас” аэропортунун жаңы жетекчиси Бактыбек Сыдыков бюджетке 10 күндүн ичинде акчаны кайтарып берүүнү убада кылды. Бул тууралуу перзиденттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров Ала-Тоо 24 телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, аэропорттун жаңы директорун ал эмес, Мамлекеттик мүлк фонду дайындаган.
“Ал дайындалгандан кийин да ызы-чуу болгон. Мен аны кабинетиме чакырып алып сүйлөшкөм. “Кетиңиз” дегенде ал 10 күндүк убакыт сураган. Кандай убакыт сурады? Аэропортто сол чөнтөккө түшүп жаткан акчалардын бардыгын биз аныктап, билдик. Ошолордун барын ал мурда аэропортто иштеп кеткендиктен жакшы билет экен. Анын бардыгын мамлекеттик казынага 10 күндүн ичинде баланча сумманы түшүрүп берем деди. Эгер түшүрбөсөм анда мени кетиресиз деди. Мен “анда жөн кетпейсиң, сөзсүз түрдө жазага тартылып кетесиң” деп айттым. Андан бери 5 күн өттү, дагы 5 күндүк убактысы бар” – деди Садыр Жапаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ