Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Р.Сарыев менен Т.Абдрахманов 9-ноябрда мектепке кеткен бойдон дайынсыз жоголгон бишкектик окуучу кыздарды табышты. Классташ кыздар ал күнү сабакка барышкан эмес.
2004-жылы туулган Сезим Тургуналиева менен 2005-жылы туулган Мухамед кызы Азиза Ош шаарындагы «Нур» мейманканасынан табылган. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматынан бүгүн, 11-ноябрда кабарлашты.
Милициянын маалыматы боюнча, окуучу кыздар үйдөн качууга ата-энелеринин урушканы себеп болгонун айтып жатышат. Алар эч кандай жаракат алган эмес, абалы жакшы. Учурда милиция кызматкерлери өспүрүм кыздар менен профилактикалык маек өткөрүп жатат. Алар ата-энелерине өткөрүлүп берилет.
Булак: “turmush.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ