Ар кандай дин уюмдары Конституцияга каршы келбеген иштер менен гана алек болушу каралган. Ошондуктан Конституцияга ылайык биздин өлкө светтик (динден бөлүнгөн) мамлекет болгондуктан, биринчи иретте Конституция менен жашашыбыз керек. Дааватчылар чет элден каржыланары талаш деле эмес.
Мүмкүн дааватчылардын үгүт-насаатынан кийин биздин адамдар террор жасаш үчүн Сирияга кетип жатышкандыр? Күч структуралардын билдирүүсү боюнча Кыргызстандан 500дөн ашык адам «Ислам мамлекети» деген террористтердин катарына кошулушкан.
Бул коркунучтуу көрүнүш… Бул маселени териштирип, фактыларды таап, эгер ошолордун үгүтүнүн негизинде адамдар террорчуларга кошулуп жатса, мыйзам түрүндө алардын ишмердүүлүгүн токтотуш керек.
Ал эми экинчи суроо тууралуу айта турган болсом, эч жерде иштебеген, билими жок, шалбырап дамбал кийип, сакалын кое берген жаштардын бул иштери кыргыз маданиятына каршы аракет деп билсе болот…. Аларсыз эле азыр аракты таштагандар көп….
Булак: “Эл деми”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ