Menu

Видео – 2015-2017-жылдары Атамбаевди жана анын шайлоодогу 9%дык босогосун колдогон Мирлан Жээнчороев менен Жанар Акаев бүгүн демократтын терисин жамынышты

Бөлүшүү:

14-майда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда парламенттин депутаттарын шайлоо тууралу мыйзамдагы 9%дык босогону 7%дык чекке төмөндөтүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулоо кайрадан ызы-чуулуу “абысын” айтыштар менен коштолду.

Саясый талаштар эмес, бири-бирине жеке асылган кайым айтышуулар бул парламенттин жана депутаттарынын деңгээлин дагы бир жолу көрсөттү. Бекеринен эл ЖКнын VI чакырылышы эң сабатсыз, эң натыйжасыз чакырылыш болду деп сындап жатпаган экен.

Тагдырдын тамашасын караңыздар, 2017-жылы “7%дык босого аз, 10%дык босого болуш керек” деп кыйкырып жүрүп, босогону 9%га көтөрүүгө Атамбаевге кошоматчылык менен жардам берген “Республика-Ата-Журт” партиясынын өкүлү Мирлан Жээнчороев бүгүн демократтын терисин жамына калып, 5%дык босогону киргизишибиз керек деп айкырып чыкты.

Ал эми 2015-жылы “Атамбаев уурдабайт, таза саясатчы” деп Атамбаевге кошомат кылып, мактап жүрүп, Атамбаевдин ишарааты менен КСДПнын тизмесине кирип депутат болгондон кийин Атамбаевди биринчи сатып кеткен Жанар Акаев “мурун Атамбаевге кошомат кылгандар, бүгүн Атамбаевди сындап жатасыңар” деп башка депутаттарды сындап кирсе болобу?

Башка депутаттар Мирлан Жээнчороевди “ой, сен 9% босогону колдоп, мыйзамга киргизгендердин бири эмес белең?” деп эске салса, “балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” деп, эми анын да бир кездеги жоруктарын эске салышарын дароо сезген Жанар Акаев кесиптеши Мирлан Жээнчороевди “ал мурун жаңылып-жазган, эми оңолду” таризинде колдоп, коргоого алды.

Бул парламенттеги жаш депутаттар катары саналган Мирлан Жээнчороев менен Жанар Акаевдин деңгээли ушул болгондон кийин кыргыз парламентинин келечеги эмне болот?

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: